Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

 

2026-жылдын 12-декабры № 1

“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү тууралуу

 

 

(Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 1 буйругунун редакциясына ылайык)

 

 

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-сентябрындагы № 623 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” токтомун ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:

1. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөр (мындан ары – Усулдук көрсөтмөлөр) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген Усулдук көрсөтмөлөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды берүү маселелери боюнча практикалык жана усулдук жардам көрсөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери:

1) “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоодо тиркелген Усулдук көрсөтмөлөрдү жетекчиликке алсын;

2) “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү маселеси боюнча маалыматтык материалдарды пайдалануу жана жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу аркылуу, калкка дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

4. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алуучу үй-бүлөлөрдүн бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жана жөлөкпул алуучунун “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу чектелген балдар менен бирге жашагандыгына мониторинг жүргүзүүгө социалдык кызматкерлер көмөк көрсөтүүсү белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун туура жана өз убагында дайындоо жана төлөө үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин автоматташтырылган маалыматтык системасынын (мындан ары – АМС) “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо, кайра эсептөө жана төлөө бөлүгүндө үзгүлтүксүз иштөөсүн, ошондой эле кириш жана чыгыш маалыматтарын түзүүнү;

2) АМСтин башка ички ведомстволук маалыматтык системалары (“Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин маалыматтык-аналитикалык системасы”) жана мамлекеттик органдардын маалыматтык системалары менен өз ара аракеттенүүсүн;

3) “Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында” АМСтин маалыматтарын мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча веб-сайттын маалыматтары менен интеграциялоо жана иштетүү мүмкүнчүлүгүн;

4) бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин веб-сайтына жайгаштырууну камсыз кылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Мамлекеттик социалдык төлөмдөр боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгы:

1) буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин;

2) Ченемдик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн, буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин.

8. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Чечимдерди көзөмөлдөө жана административдик камсыздоо башкармалыгы ушул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.

9. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары К.С. Досматовго, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ч. Мамат уулуна жүктөлсүн.

https://mlsp.gov.kg/ru/normativno-pravovaya-baza/ расмий сайтында жарыяланды