Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш
кезектеги XXVII сессия
2026-жылдын 12-июнундагы №1
Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басарларын
шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 41-беренесинин 1-пунктуна жана Манас шаардык депутаттар кеңешинин иштөө Регламентинин 6-бөлүмүнө ылайык, “Жаңы Кыргызстан” жана “Адилет” фракцияларынын сунуштарын эске алып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXVII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басарлык кызматына Тешебаев Айбек Тагайбекович шайлангандыгы бекитилсин.
2.Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2025-жылдын 3-сентябрындагы кезексиз XIII сессиясынын №2-токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
3.Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басарлык кызматына Турдалиев Кайратбек Каттабекович шайлангандыгы бекитилсин.
4.Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2025-жылдын 26-декабрындагы кезексиз XXI сессиясынын №1-токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
5.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
6.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант у.А. |