Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш
кезектеги XXVII сессия
2026-жылдын 12-июнундагы №4
Манас шаарындагы трансформаторлорду муниципалдык менчикке
кабыл алуу жана Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын
балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 26-майдагы чыг.№01-18/3281 сандуу каты, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 03-июндагы отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарынын М.Т.Конгантиев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Таш-Булак, Жаӊы-Арал айылдарында жана Спутник муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Тарсус көчөсүндө жайгашкан төмөндөгү трансформаторлорду Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алып, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин:
1) Н.Султанов көчөсүндө жайгашкан КТП-250кВА, КТП-100кВА;
2) Х.Атаходжаев көчөсүндө жайгашкан КТП-250кВА;
3) А.Хувайдаев көчөсүндө жайгашкан КТП-250кВА;
4) П.Мирахимов көчөсүндө жайгашкан КТП-№400кВА;
5) К.Назаров көчөсүндө жайгашкан КТП-100кВА.
6) К.Кудайбердиев көчөсүндө жайгашкан КТП-160кВА;
7) Тарсус көчөсү КТП-М-708-160кВА.
2. Манас шаарынын мэрине (А.Маткаликов), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) трансформаторлорду Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын балансына мыйзам чегинде өткөрүп берүү, Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Э.Омошов) трансформаторлорду орнотууга жер тилке бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант у.А. |