Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш
кезектеги XXVII сессия
2026-жылдын 12-июнундагы №5
Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2025-жылдын 7-июлундагы кезексиз X сессиясынын №2-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги №162-сандуу тескемесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 13-майындагы чыг.№01-18/2939 сандуу катты шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында карап, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXVII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2025-жылдын 7-июлундагы кезексиз X сессиясынын №2-токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
«эски канализациялык өткөргүч түтүктөрдү реконструкциялоого жана жаңыларын курууга» деген сөздөр «эски канализациялык өткөргүч түтүктөрдү реконструкциялоого жана жаңыларын курууга, ошондой эле жаңы суу өткөргүч түтүктөрдү төшөөгө жана суу өлчөгүчтөрдү орнотууга» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант у.А. |