Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш
кезектеги XXVII сессия
2026-жылдын 12-июнундагы №6
Манас шаарынын мэриясынын Т.Тайгараев атындагы жана М.Конгантиев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыктарындагы жайыт жерлердин иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 22-майындагы чыг.№01-18/3207 сандуу катты шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында карап, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXVII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын Т.Тайгараев атындагы жана М.Конгантиев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыктарындагы жайыт пайдалануунун 2026-жылга карата иш планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Э.Омошев) жайыт пайдалануунун иш планы боюнча иш алып баруу жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант у.А. |