Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕНЕШИ
X чакырылыш
кезектеги XXVII сессия
2026-жылдын 12-июнундагы №7
Манас шаарындагы №75 кесиптик лицейге Кулбаев Азимбай
Кулбаевичтин ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Манас шаарындагы №75 кесиптик лицейдин 2026-жылдын 30-январындагы чыг.№01-39/2 сандуу катын Манас шаардык депутаттар кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясы карап, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарындагы №75 кесиптик лицейге Кыргыз Республикасынын кесипчилик-техникалык билим берүүнүн отличниги Кулбаев Азимбай Кулбаевичтин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы кезектеги XXIV сессиясынын №4 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүү үчүн сунуш берүү жагы Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине сунушталсын.
4.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милддеттендирилсин.
6.Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант у.А. |