Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
2026-жылдын 24 июну 29-24/1
Каракол шаарынын “Муниципалдык менчик объктилерин алмаштыруунун тартиби жөнүндөгү” жобосуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басары Т. Абдысатаровдун 2026-жылдын 19 июнундагы чыг: №01-17-3010, катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамынын 17-беренесинин 2-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын39-беренесин жетекчиликке алып, экономика, каржы, соода, өнөр жай, туризм, инвестиция, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XXIV кезексиз сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаардык Кеңешинин, 2026-жылдын 26-мартындагы №29-19/1 токтому менен бекитилген Муниципалдык менчик объектилерин алмаштыруунун тартиби жөнүндөгү Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 14-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
- алмашуу маселесинде кызыкдар болгон тараптар байкоочу катары комиссиянын отурумунда катышууга укуктуу.
-15- пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
- Туруктуу комиссия 7 (жети) адамдан турат:
1) Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басары (комиссиянын төрагасы);
2) Каракол шаардык Кеңешинин депутаты, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы (макулдашуу менен);
3) Каракол шаарынын мэриясынын экономиканы өнүктүрүү, туризм жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы;
4) Каракол шаарынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы;
5) Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча мамлекеттик органдын башчысы;
6) Архитектура жана шаар куруу иштери боюнча мамлекеттик органдын башчысы;
7) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн башчысы.
- Комиссиянын катчысы – Каракол шаарынын муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын башкы адиси (комиссиянын мүчөсү болуп саналбайт);
- 221-пункт төмөндөгүдөй пункт менен толукталсын:
- Комиссиянын чечими сунуш берүүчү мүнөздө болуп саналат.
- 30- пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
-Баалоо, өткөрүп берүү же кабыл алуу боюнча чыгымдарды ар бир учурда тиешелүү милдетти тарткан тарап көтөрөт.
2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жѳнʏндѳ” Мыйзамына ылайык, бул токтом ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтом кол коюлган учурдан тартып кʏчʏнѳ кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басарына жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Таштанбек уулу Санжар