Редакцияот 17.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУЮЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

 

2026-жылдын 17-августу № 295

Кыргыз Республикасынын Президентинин

Иш башкармасынын айрым маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишин регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1.    Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөрдүн чектүү штаттык саны белгиленсин:

1)    210 бирдик санында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын борбордук аппаратынын;

2)    3333 бирдик санында республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

–     II бөлүмдүн 4-главасынын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)

Категориялар

Президенттин

Иш башкармасы

Президенттин

Иш башкармасына караштуу ведомстволук бөлүмдөр (республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу)

Президенттин Архиви

               Жогорку кызмат орду

Ж-Б

Борбордун жетекчиси

Кызматтын жетекчиси

 

 

Башкы кызмат орду

Б-А

Бөлүмдүн башчысы

Жетекчи

Жетекчинин орун басары

Архивдин башчысы

Б-Б

Бөлүмдүн башчысынын орун басары

Бөлүмдүн башчысынын орун басары – сектордун башчысы

Бөлүмдүн башчысы

Архивдин башчысынын орун басары

Бөлүмдүн башчысы

Улук кызмат орду

У-А

Сектордун башчысы

Бөлүмдүн башчысынын орун басары

Сектордун башчысы

Референт

У-Б

Референт

Башкы адис

Референт

Башкы адис

Башкы адис

Кенже кызмат орду

К-А

Жетектөөчү адис

Жетектөөчү адис

Жетектөөчү адис

К-Б

Адис

Адис

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 154 «Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоону натыйжалуу ишке ашыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

8-пункттун 2-пунктчасында:

–      биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: