Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ IV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 24-июну № 4
Ак-Талаа райондук ички иштер бѳлүмүнѳ берилген жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтаруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамын жетекчиликке алып, Ак-Талаа райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2026-жылдын 08-июнундагы №01-9/113 катына ылайык,Чолок-Кайың айылында жайгашкан идентификациялык коддогу 4-01-02-1002-0495 болгон 700 м2 жер тилкесинде жогорку чыңалуудагы электр берүүчү линиялар ѳткѳндүгүнѳ байланыштуу Ак-Талаа райондук ички иштер бѳлүмүнүн аймактык милиция бѳлүмчѳсүнүн имаратын куруу мүмкүн эместигин эске алып Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың айылында жайгашкан, идентификациялык коддогу 4-01-02-1002-0495 болгон 700 м2 жер тилкеси Ак-Талаа РИИБинин аймактык милиция бѳлүмчѳсүнүн имаратын куруу үчүн пайдалануудан чыгарылып, муниципалдык менчикке кайтарылсын.
2. Ала-Буга айыл өкмөтүнѳ жер-укуктук документтерге тиешелүү ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү боюнча чараларды кѳрүү тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдѳѳ агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктѳлсүн.
Төрага: |
Бактыбай уулу Кубанычбек |