Сравнение редакций…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-июлу № 19
«Манас» спорт комплексинин айрым объекттерин мамлекеттик менчикке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 10, 11 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин «2024–2034-жылдары Кыргыз Республикасында футболду мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, футболдук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле «Манас» спорт комплексинин курулушун аяктоо жана андан ары пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 7-июлундагы №01-5/3172 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигинен мамлекеттик менчикке төмөнкү объекттерди акысыз өткөрүүгө макулдук берилсин:
-Кара-Балта шаары, Космонавтов көчөсү, 11а дарегинде жайгашкан, аянты 9 151,0 чарчы метр болгон, идентификациялык коду 7-03-13-0004-0437 болгон, үстүндө опилкалык футбол талаасы жайгашкан жер тилкеси;
-опилкалык футбол талаасына чектеш жайгашкан, ар бири 960,0 чарчы метр аянттагы эки мини-футбол талаасы («Эгиздер») жайгашкан, жалпы аянты 1 920,0 чарчы метр болгон жер тилкеси;
-Кара-Балта шаары, Космонавтов көчөсү, 11 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 7-03-13-0004-0404 болгон, үстүндө спорт комплексинин имараты жайгашкан жер тилкеси, анын курамына төмөнкүлөр кирет:
-Б литерасы — жалпы аянты 472,6 чарчы метр болгон үч кабаттуу имарат;
-В литерасы — жалпы аянты 667,7 чарчы метр болгон спорттук (күрөш) залы.
2. Объекттер пайдаланууга берилбеген, курулушу аякталбаган объекттер катары мамлекеттик менчикке өткөрүлүп берилсин.
3. Кара-Балта шаарынын мэри А.К. Исаковго ушул токтомдон келип чыккан тиешелүү чараларды көрүү милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Балта шаардык кеңешинин бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри А. К. Исаковго жүктөлсүн.
Таркатылсын: иш кагаздарына, Кара-Балта шаарынын мэриясына, УМСке, Мамкаттоого, Архитектура башкармалыгына, КР ЮМга.
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-июлу № 19
«Манас» спорт комплексинин айрым объекттерин мамлекеттик менчикке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө»
(КР Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 26-августундагы № 22 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 10, 11 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин «2024–2034-жылдары Кыргыз Республикасында футболду мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, футболдук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле «Манас» спорт комплексинин курулушун аяктоо жана андан ары пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 7-июлундагы №01-5/3172 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигинен мамлекеттик менчикке төмөнкү объекттерди акысыз өткөрүүгө макулдук берилсин:
– Кара-Балта шаары, Космонавтов көчөсү, 11а дарегинде жайгашкан, аянты 9 151,0 чарчы метр болгон, идентификациялык коду 7-03-13-0004-0437 болгон, үстүндө опилкалык футбол талаасы жайгашкан жер тилкеси;
– опилкалык футбол талаасына чектеш жайгашкан, ар бири 960,0 чарчы метр аянттагы эки мини-футбол талаасы («Эгиздер») жайгашкан, жалпы аянты 1 920,0 чарчы метр болгон жер тилкеси;
– идентификациялык коду 7-03-13-0004-0459 болгон, Кара-Балта шаары, Космонавтов көчөсү, 11а дареги боюнча жайгашкан, анын курамына төмөнкү объекттер кирген спорт комплексинин имараттары жайгашкан жер тилкеси:
- литер А — жалпы аянты 1115,33 кв.м болгон үч кабаттуу имарат;
- литер Б — жалпы аянты 904,25 кв.м болгон спорттук (күрөш) залы;
- литер В — жалпы аянты 504,00 кв.м болгон машыгуу залы.