Загрузка документа…
| Долбоор |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 638-т тескемеси менен макулдук берилди) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана
кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл
Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы
Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына жылкы
тукумундагы жаныбарларды экспорттоого карантиндик жана
санитардык-гигиеналык талаптар жөнүндө
протокол
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары – кыргыз тарап) жана Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы (мындан ары – кытай тарап), мындан ары «Тараптар» деп аталат, достук консультациялардан кийин Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына (мындан ары – КЭР) жылкы тукумундагы жаныбарларды экспорттоого төмөнкүдөй карантиндик жана санитардык-гигиеналык талаптар жөнүндө макулдашууга жетишти.
1-берене
Кыргыз тарап экспорттолуучу жылкы тукумундагы жаныбарлардын карантинин сактоого жоопкерчилик тартат жана ветеринардык сертификат берет. Кыргыз тарап ветеринардык сертификаттын үлгүсүн алдын ала кытай тарапка берет, ал кытай тарап ырастагандан кийин күчүнө кирет. Ветеринардык сертификат төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1. Ветеринардык сертификаттын мазмуну:
– экспорттолуучу жылкы тукумундагы жаныбарлар ушул Протоколдун карантиндик талаптарына ылайык келери жөнүндө көрсөтмө;
– экспорттолуучу жылкы тукумундагы жаныбарлардын жынысы, жашы, саны жана породасы;
– клиникалык кароонун жыйынтыктары, сынамдарды алуу жана изилдөөлөрдү жүргүзүү датасы, ар бир оору боюнча изилдөө методдору жана жыйынтыктары, ошондой эле изилдөө жүргүзгөн лабораториянын аталышы;
– гельминттерден арылтуу, дарылоо жана дезинфекциялоо үчүн колдонулган препараттардын аталышы, дозасы, өндүрүүчүсү, колдонулган датасы жана жери;
– вакцина колдонулган учурда – вакцинанын түрү, өндүрүүчүсү, жарактуулук мөөнөтү жана эмдөө датасы;
– жөнөтүү датасы, чек ара пунктунун аталышы, транспорттун түрү жана транспорт каражатынын номери;
– экспорттоочунун жана импорттоочунун аталышы жана дареги;
– ветеринардык сертификаттын берилген датасы, сертификатка коюлган кыргыз тараптын расмий ветеринардык врачынын фамилиясы жана колу;
– кыргыз тараптын расмий мөөрү.
2. Ветеринардык сертификат түп нускада жана эки көчүрмөдөн кем эмес таризделет.
3. Ветеринардык сертификаттын мазмуну кытай жана англис же орус тилдеринде басылууга тийиш. Кол менен жазылган кандай гана жазуулар же оңдоолор болбосун бул сертификатты жараксыз кылат.
4. Ветеринардык сертификаттын түп нускасы экспорттолуучу жылкы тукумундагы жаныбарларды коштоп жүрүүгө жана алар менен бир убакта келүүгө тийиш.
5. Жылкы тукумундагы жаныбарлар КЭРдин бажы контролдоо пункттарына келген учурда ветеринардык сертификаты жок болсо же жараксыз ветеринардык сертификат көрсөтүлгөн учурда кытай тарап мындай жаныбарларды кайтарат же жок кылат.
2-берене
Кытай тарап жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү импорттоого жарактуу уруксатты экспорттоочуга ырастагандан кийин гана кыргыз тарап ушул Протоколдун жоболоруна жана уруксатта көрсөтүлгөн талаптарга ылайык карантиндик жол-жоболорду жүргүзө алат. Жаныбарларды импорттоого ар бир уруксат жылкы тукумундагы жаныбарлардын бир гана партиясын алып кирүүгө мүмкүндүк берет.
Кытай тарап экспорттолуучу жылкы тукумундагы жаныбарларга карата карантиндик иш-чараларды жүргүзүүдө кыргыз тараптын ветеринардык инспекторлору менен өз ара аракеттенүү үчүн Кыргыз Республикасындагы мал чарба фермаларына, тиешелүү лабораторияларга жана карантиндик объекттерге ветеринардык инспекторлорду жибере алат.
3-берене
Кыргыз тарап төмөнкүлөрдү ырастайт:
– КНРге экспорттолуучу жылкы тукумундагы жаныбарлар Кыргыз Республикасынын аймагында туулган жана өстүрүлгөн болууга же анын аймагында кеминде алты ай болууга тийиш экендигин;
– Кыргыз Республикасында жылкылардын африка чумасынын, жылкылардын энцефаломиелитинин (чыгыш жана батыш типтери), жылкылардын венесуэлалык энцефаломиелитинин, жылкылардын эпизоотиялык лимфангитинин, Борна оорусунун, Хендра оорусунун, Нипах оорусунун, Батыш Нил ысытмасынын жана везикулярдык стоматиттин жоктугун.
Кыргыз Республикасында жогоруда көрсөтүлгөн ооруларга байланыштуу эпидемиялар чыккан учурда кыргыз тарап төмөнкүдөй чараларды көрөт:
– эпидемиянын чыгышынын деталдары, анын ичине эпидемиянын аталышы, оору чыккан жер, оору жуккан жаныбарлардын түрлөрү жана саны, ошондой эле кыргыз тарап кабыл алган контролдоо чаралары жөнүндө 24 сааттын ичинде кытай тарапка кабарлайт;
– жылкы тукумундагы жаныбарларды КНРге экспорттоону дароо токтотот.
4-берене
Акыркы 12 айдын ичинде жылкы тукумундагы жаныбарларды экспорттоочу чарбаларда жылкылардын паратифи (Salmonella abortus equi), жылкылардын герпесвирусу козгогон инфекция (жылкылардын ринопневмониясы), жылкылардын вирустук артериити, жылкы тумоосу, жылкылардын эризипелоиди, бээлердин инфекциялык метрити, жылкылардын стрептококк инфекциясы (Streptococcus equi), лептоспироз, жылкылардын калтырак оорусу, жылкы чечеги, япон энцефалити, сурра (Trypanosoma ilexa), куут оорусу, күйдүргү же кутурма учурлары катталган эмес.
Акыркы 12 айдын ичинде жылкы тукумундагы жаныбарларды экспорттоочу чарбаларда, ошондой эле мындай чарбалардын айланасындагы 8 км радиуста жылкылардын инфекциялык анемиясы же маңка оорусу катталган жок.
5-берене
Кыргыз тарап менен жактырылган карантиндик объекттерге түшкөнгө чейин КЭРге экспорттолуучу жылкы тукумундагы жаныбарлар инфекциялык оорулардын клиникалык белгилери жок экендигин ырастоо үчүн баштапкы мал чарбаларында комплекстүү клиникалык кароодон өтүүгө тийиш, ошондой эле кыргыз тарап тарабынан таанылган лабораторияларда төмөнкү ооруларга изилденүүгө тийиш:
1. Жылкылардын африка чумасы: 21 күндөн кем эмес аралык менен эки кан сынамы алынат, мында биринчи сынам жаныбарлар чарбага келип түшкөндөн кийин 7 күндөн эрте эмес алынат. Кан сынамдарынын эки партиясы жылкылардын африка чумасынын вирусунун тобуна карата антителолордун бар же жок экендигине серологиялык изилденүүгө тийиш, мында натыйжалар антителолордун титринин олуттуу жогорулоосу болбогондугун ырастоого тийиш.
2. Жылкылардын инфекциялык анемиясы: терс натыйжасы менен агардагы иммундук диффузия реакциясы.
3. Жылкылардын паратифи (Salmonella abortus): агглютинациянын пробиркалык реакциясы терс, сары сууну 1:320 суюлтуу.
4. Жылкылардын 1-типтеги герпесвирус инфекциясы (жылкылардын ринопневмониясы): (1) 14 күндүк аралык менен жүргүзүлгөн кандын сары суусун нейтралдаштыруунун эки реакциясы, мында антителолордун экинчи титри биринчисинен төрт эседен көп ашпоого тийиш же (2) вирусту бөлүүнүн натыйжасы терс болууга тийиш.
5. Жылкылардын вирустук артериити: (1) сары сууну 1:4 суюлтууда сары сууну нейтралдаштыруунун терс реакциясы же (2) 14 күндүк аралык менен сары сууну нейтралдаштыруунун эки реакциясы, мында антителолордун экинчи титри туруктуу болот же төмөндөйт, ал эми вирусту бөлүүнүн же полимеразалык чынжырча реакциясынын (ПЧР) натыйжалары терс болот.
6. Жылкылардын аңгилик оорусу: комплементти байланыштыруу реакциясы терс, сары сууну 1:5 суюлтуу, байланыштыруу 50 %дан аз.
7. Жылкылардын маңкасы: комплементти байланыштыруу реакциясы терс, сары сууну 1:5 суюлтуу, байланыштыруу 50 %дан аз.
8. Жылкылардын пироплазмозу: конкуренттик иммуноферменттик анализ (ИФА) терс же сары сууну 1:80 суюлтууда иммунофлуоресценциянын кыйыр реакциясы (IFAT) терс, же сары сууну 1:5 суюлтууда жана 50 %дан аз байланыштырууда комплементти байланыштыруу реакциясы терс.
6-берене
Жылкыларды баштапкы көбөйтүү жери боюнча чарбаларда карантинден өткөн жылкы тукумундагы жаныбарлар кыргыз тарап тарабынан жактырылган карантиндик чарбаларда 40 күндөн кем эмес убакыттын ичинде изоляцияланууга жана карантинде кармалууга тийиш. Карантиндик чарбалар Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (ДЖСУ) биологиялык коопсуздук жаатындагы талаптарына шайкеш келүүгө, ошондой эле инфекцияларды алып жүрүүчүлөргө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын өткөрүлүшүн камсыз кылууга тийиш. Мында жаныбарларда ушул Протоколдун 4-беренесинде көрсөтүлгөн инфекциялык оорулардын клиникалык белгилери аныкталбоого тийиш.
Изоляциялоо жана карантинде кармоо мезгилинде экспорттолуучу жылкы тукумундагы жаныбарлар алардын ден соолугунун канааттандырарлык абалын жана инфекциялык оорулардын клиникалык белгилеринин жоктугун ырастоо максатында бири да калбастан клиникалык кароодон өткөрүлүүгө, ошондой эле ушул Протоколдун 5-беренесинин 1-8-пункттарында каралган ооруларга кыргыз тарап тарабынан жактырылган лабораторияда лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүүгө тийиш.
7-берене
Жылкыларды изоляциялоо жана карантинде кармоо мезгилинде аларга кыргыз тарап тарабынан жактырылган препараттарды колдонуу менен ички жана тышкы мите курттарга каршы дарылоо жүргүзүлөт. Экспорттолуучу жылкы тукумундагы жаныбарларга ошондой эле лептоспирозго каршы стрептомицин/дигидрострептомицин менен 14 күндүк аралык менен, дене салмагынын 1 килограммына 25 мг дозада эки жолу профилактикалык дарылоо жүргүзүлөт. Аталган дарылоолор кыргыз тараптын расмий ветеринардык врачынын контролу алдында жүргүзүлөт.
Карантиндик чарбаларга келип түшкөнгө чейин жылкы тукумундагы жаныбарлар жылкы сасык тумоосуна каршы натыйжалуу эмдөөдөн өткөрүлүүгө тийиш. Жөнөтүү учурунда жаныбарлар эмдөөдөн кийин түзүлгөн иммунитеттин күчтүү мөөнөтүнүн чегинде болууга тийиш. Ветеринардык сертификатта вакцинанын аталышы жана дозасы, эмдөө датасы, вакцинанын жарактуулук мөөнөтү жана аны өндүрүүчүнүн аталышы көрсөтүлөт.
8-берене
Жылкы тукумундагы жаныбарларды ташуу үчүн колдонулуучу транспорт каражаттары кыргыз тарап тарабынан жактырылган препараттарды колдонуу менен тазаланууга, дезинфекцияланууга тийиш, ошондой эле аларга карата алып жүрүүчүлөргө каршы күрөшүү боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш. Аталган иштер кыргыз тараптын расмий ветеринардык врачынын контролу алдында жүргүзүлөт.
9-берене
Экспортко чейин 24 саат калганда кыргыз тараптын расмий ветеринардык врачтары экспорттолуучу жылкы тукумундагы жаныбарларды инфекциялык оорулардын клиникалык белгилерин жана симптомдорун аныктоо предметине клиникалык кароодон өткөрөт.
10-берене
Карантин жана ташуу мезгилинде колдонулуучу тоют жана төшөлүүчү материалдар жылкы тукумундагы жаныбарлардын инфекциялык оорулары тараган зоналардан келип чыкпоого тийиш жана ветеринардык-гигиеналык шарттарга ылайык келүүгө тийиш.
11-берене
Экспорттолуучу жылкы тукумундагы жаныбарлар ташуу учурунда инфекциялык оорулар менен оруган жылкы тукумундагы жаныбарлардын зоналары аркылуу өтпөшү, башка жаныбарлар менен контакт болбошу жана бир транспорт каражатында ташылбашы керек.
12-берене
Кыргыз Республикасынан КЭРге экспорттолгон жылкы тукумундагы жаныбарлар КЭРдин өткөрүү пунктуна келгенде кытай тарап КЭРдин мыйзамдарына, ченемдик укуктук актыларына жана стандарттарына, ошондой эле ушул Протоколдун талаптарына ылайык инспекциялоо жана карантин жүргүзөт. Жылкылардын көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбегендиги аныкталган учурда, кытай тарап бул тууралуу кыргыз тарапка кабарлайт жана зарыл болгон учурда экспорттолгон жаныбарларды кайра кайтарууну же утилдештирүүнү жүзөгө ашырат. Олуттуу бузуулар аныкталган учурда, кытай тарап Кыргыз Республикасынан КЭРге экспорттолуучу жылкыларды сатууну токтотуп турууга укуктуу. Кыргыз тарап токтоосуз түрдө териштирүү жүргүзүүгө, тиешелүү түзөтүүчү жана көзөмөлдөө чараларын көрүүгө, ошондой эле аныкталган бузууларды жоюунун жыйынтыктары жөнүндө кытай тарапка маалымдоого тийиш.
13-берене
Тараптар өз ара макулдашуу боюнча ушул Протоколго өзгөртүүлөрдү киргизе алышат. Ушул Протоколго өзгөртүүлөр Тараптардын тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарынын жооптуу жетекчилеринин расмий каттары менен ырасталат.
Ушул Протокол 2026-жылдын «___» __________ эки нускада, ар бири кыргыз, кытай, англис жана орус тилдеринде түзүлдү, мында кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылык күчкө ээ болот.
Ушул Протокол Тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет. Кол койгон Тараптардын биринин демилгеси боюнча ушул Протоколдун күчүн токтотуу бир Тараптын экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлаган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги үчүн | Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы үчүн |