Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I -чакырылышынын XIV-кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-июну №37
Жергиликтүү бюджеттен социалдык муктаждыктарга
акча каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 29-беренесине ылайык социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде Барскоон жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү бюджеттен Барскоон айыл аймагынын төмөндөгү социалдык муктаж болгон адамдарга материалдык жардам катары акча каражаты бөлүнүп берилсин:
2. Барскоон айыл өкмөт башчысы А.С.Калыков айыл өкмөтүнүн резервдик фондунан жалпы 330 000 (үч жүз отуз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом Барскоон жергиликтүү кеңеши менен Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаева бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү менен бирге ченемдик-укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы А.Букаровго жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын тѳрайымы А.Сейтканга тапшырылсын.
Төрага Ч.А.Ажыбеков