Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I -чакырылышынын XIV-кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-июну, №38
М.Ибаковдун атын Барскоон айылындагы
көчөгө ыйгаруу жөнүндө
Барскоон айылынын тургундарынын Мирлан Ибаковдун коомдук жана чарбалык ишмердүүлүгүн баалап, элесин түбөлүккө калтыруу максатында айылдагы бир көчөгө атын ыйгаруу боюнча кайрылуусун, Барскоон айыл өкмөтүнүн бул маселеге байланыштуу корутундусун карап жана талкуулап, “Барскоон айыл аймагынын калктуу пунктарынын көчөлөрүн жана башка курамдык бөлүктөрүн атоо, аталышын өзгөртүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1.Мирлан Ибаковдун ысымы Барскоон айылындагы Ак-Коргон конушундагы 5-көчөгө ыйгарылсын жана мындан ары Мирлан Ибаков атындагы көчө болуп аталсын.
2.Барскоон айыл өкмөт башчысы А.С.Калыков демилгечи топ менен биргеликте токтомго ылайык уюштуруу иштерин алып барсын.
3. Бул токтом Барскоон жергиликтүү кеңеши менен Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаева бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү менен бирге ченемдик-укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, муниципалдык менчик жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Ч.А.Ажыбеков