Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ
МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ
2026-жылдын 15-майы № П-214
Тобокелдик белгилери бар, кошумча нарк салыгынын
салыктык базасы белгиленген товарлардын тизмегин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 60 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 307-беренесин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому менен бекитилген Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын импортунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгынын салыктык базасын аныктоо жана колдонуу тартибине ылайык буйрук кылам:
1. Тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгынын салык базасы белгиленген товарлардын тизмегин (мындан аары – Тизмек) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 13-октябрындагы № 568 “Тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгынын салыктык базасы белгиленген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О.Осмонов) жаңыланган Тизмекти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
4. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импортко КНСти толук жана өз убагында башкарууну камсыз кылуу үчүн Мамлекеттик салык кызматынын аймактык башкармалыктарына жеткирсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Н.О. Мамановго жүктөлсүн.
2026-жылдын 15-майында https://sti.gov.kg/section/view-pdf?filePath=websti%2F2026%2F05%2F15%2F%D0%9F%D1%80%D0%B8%D0%BA%D0%B0%D0%B7%20%20%D0%9E%D0%B1%20%D1%83%D1%82%D1%80%D0%B5%D1%80%D0%B6%D0%B4%D0%B5%D0%BD%D0%B8%D0%B8%20%D0%9F%D0%B5%D1%80%D0%B5%D1%87%D0%BD%D1%8F%20%D1%82%D0%BE%D0%B2%D0%B0%D1%80%D0%BE%D0%B2%201.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | А.Н. Шыкмаматов |