Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
2026-жылдын 27-августу №1
“Жалал-Абад облусттук өнүктүрүү фондунан үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун имаратын куруу боюнча долбоорлорго макулдук берүү жана үлүштүк каржылоосун бөлүп берүү жөнүндө”
Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 28-июлундагы чыг.№01-18/5106 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги ХXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалал-Абад облусттук өнүктүрүү фондунан Манас шаарынын Ч.Айтматов муниципалдык аймактык башкаруусунун Дача кичи шаарчасынын А.Ташиев көчөсү №68 дарегиндеги муниципалдык жер тилкеге үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун имаратын куруу долбоорунун сметалык баасы 42 161 994 (кырк эки миллион бир жүз алтымыш бир миң тогуз жүз токсон төрт) сом түзгөн долбоорго макулдук берилсин.
2.Жалал-Абад облусттук өнүктүрүү фондунан Манас шаарынын мэриясына сметалык баасы 42 161 994 (кырк эки миллион бир жүз алтымыш бир миң тогуз жүз токсон төрт) сом түзгөн Ч.Айтматов муниципалдык аймактык башкаруусунун Дача кичи шаарчасынын А.Ташиев көчөсү №68 дарегиндеги муниципалдык жер тилкеге үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун имаратын куруу долбоорунун жалпы суммасынан 20% тактап айтканда 8 432 399 (сегиз миллион төрт жүз отуз эки миң үч жүз токсон тогуз) сом акча каражатын Манас шаарынын жергиликтүү бюджетинен үлүштүк каржылоого каралган акча каражатынан бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3.Манас шаарынын мэриясына (У.Исмаилов) жогорудагы долбоорду ишке ашыруу боюнча мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
4.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6.Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирсин.
Төрага: | Талант у. А |