Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
2026-жылдын 27-августу №2
“Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Манас шаарына
бөлүнгөн акча каражаттары жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-августундагы №274 сандуу тескемесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 12-августундагы чыг.№01-18/5527 сандуу катын шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында карап, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXIX cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Манас шаарынын мэриясына Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жети кабаттуу имаратынын курулушун аяктоо үчүн 523 458 155 (беш жүз жыйырма үч миллион төрт жүз элүү сегиз миң бир жүз элүү беш) сом бөлүнгөн акча каражатын пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 7-июлундагы № 225 тескемеси менен мурда бөлүнгөн акча каражаттарынан 861 300 000 (сегиз жүз алтымыш бир миллион үч жүз миң) сом өлчөмүндөгү үнөмдөлгөн каражаттарды төмөнкү максаттар үчүн пайдаланууга макулдук берилсин:
1) 770 625 983 (жети жүз жетимиш миллион алты жүз жыйырма беш миң тогуз жүз сексен үч) сом – Манас шаарындагы «Акылман» президенттик лицейин курууга;
2) 90 674 017 (токсон миллион алты жүз жетимиш төрт миң он жети) сом – Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жети кабаттуу имаратын курууга.
3. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн акча каражаттарын Манас шаарынын мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш департаменти аркылуу каржылоо жагы милдеттендирилсин.
4. Манас шаарынын мэриясына (У.Исмаилов) жогорудагы долбоорду ишке ашыруу боюнча мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирсин.
Төрага: | Талант у. А |