Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-августу № 584
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 4-декабрындагы № 778
«Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин белгилөө жана
алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө»
токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын тышкы саясий позициясын жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 778 «Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
– «Өлкө» графасындагы «Афганстан Ислам Эмираты» деген сөздөр «Афганстан» деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-августундагы № 65 (3825) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |