Загрузка документа…
| 3-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-августундагы № 592 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар менен
кызматташтыгынын жыйынтыктары жөнүндө отчеттун
формасы
Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар менен кызматташтыгынын жыйынтыктары жөнүндө отчет | |||||||||||
Жооптуу мамлекеттик органдын аталышы | |||||||||||
1-бөлүм. Негизги маалымат | 2-бөлүм. Мүчөлүктүн актуалдуулугу | 3-бөлүм. Мүчөлүктүн натыйжалуулугун баалоо | Эскертүү | ||||||||
№ | Кураторлук кылган эл аралык уюмдун аталышы | Мүчөлүк төгүмдөр жөнүндө маалымат | Мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөнүн финансылык эрежелери | Мүчөлүктүн актуалдуулугу, натыйжалар жана алынган пайда | Төлөө мүмкүн болбой калган учурдагы кесепеттер жана тобокелдиктер | СДП | ИП | ФП | СГП | Мүчөлүктүн натыйжалуулугунун индекси (жогорку/ олуттуу/ орточо/ төмөн) жана кыскача корутунду |
|
Эскертүү.
1-бөлүмдө (негизги маалымат) уюм жөнүндө маалыматтарды көрсөтүңүз: аталышын, үстүбүздөгү жана алдыдагы жылдарга мүчөлүк төгүмдүн суммасын, бар болгон карыздар тууралуу маалыматтарды (жылдар боюнча чечмелөө менен), мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөнүн каржылык эрежелерин (мөөнөттөрү, банктык реквизиттери).
2-бөлүмдө (мүчөлүктүн актуалдуулугу) мүчөлүктүн актуалдуулугун, жетишилген жыйынтыктарды (анын ичинде алынган жардамдын көлөмүн, ишке ашырылган долбоорлорду ж.б.), ошондой эле төлөө мүмкүн болбой калган учурдагы кесепеттерди жана тобокелдиктерди (мүчөлүктөн жана/же добуш берүү укугунан ажыроо, каржылоодон кур калуу) кыскача сүрөттөп бериңиз.
3-бөлүмдө (мүчөлүктүн натыйжалуулугун баалоо) кызматташуунун натыйжалуулугун төрт критерий боюнча баалаңыз:
1) СДП (саясий-дипломатиялык пайда) – уюмга катышуу Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын алга жылдырууга, өлкөнүн эл аралык аброюн жогорулатууга жана эл аралык уюмдун алкагында чечимдерди кабыл алууга таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө өбөлгө түзөбү;
2) ИП (институционалдык пайда) – уюмду башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү барбы, мүчөлүк Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн квалификациясын жогорулатууга, эл аралык стандарттарды киргизүүгө жана пайдаланууга өбөлгө түзөбү;
3) ФП (финансы-экономикалык пайда) – Кыргыз Республикасы финансылык жардам, гранттарды, инвестицияларды, ошондой эле долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алдыбы;
4) СГП (социалдык-гуманитардык пайда) – уюм билим берүүгө, илимге, маданиятка, саламаттык сактоого ж.б. салым кошобу.
Ар бир критерий боюнча 1ден 5ке чейин балл бериңиз: | |
1) | 5 – жогорку натыйжалуулук; |
2) | 4 – олуттуу; |
3) | 3 – орточо; |
4) | 2 – төмөнкү; |
5) | 1 – натыйжалуулук жок. |
Түз экономикалык кирешеси жок саясий жана интеграциялык уюмдар үчүн ФП (финансылык пайда) көрсөткүчү боюнча нөлдүк маани берүүгө жол берилет, бул учурда салмактык коэффициенттер СДП жана ИП пайдасына кайра бөлүштүрүлөт.
Натыйжалуулуктун интегралдык индексин (НИИ) төмөнкү формула боюнча эсептеңиз: НИИ = (СДП × 0,45) + (ИП × 0,25) + (ФП × 0,15) + (СГП × 0,15).
НИИни эсептөө мамлекеттик орган тарабынан өз алдынча же зарыл болгон учурда жыйынтыктоочу баалоолорду салыштырып текшерүү үчүн ТИМ жана ФМ менен биргеликте жүргүзүлүшү мүмкүн.
Акыркы мамычада кыскача корутундуну жана сунуштамаларды көрсөтүңүз (жогорку натыйжалуулук, катышууну улантуу, мүчөлүктү оптималдаштырууну карап чыгуу).
НИИ шкаласы: | |
1) | 4,5–5,0 – жогорку натыйжалуулук/артыкчылыктуу мүчөлүк; |
2) | 3,5–4,4 – олуттуу натыйжалуулук; |
3) | 2,5–3,4 – орточо натыйжалуулук; |
4) | 1,5–2,4 – төмөнкү натыйжалуулук; |
5) | <1,5 – натыйжасыз. |