Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 28-августундагы
№ 593 токтомуна)
Туристтерге карата туроператорлордун жоопкерчилигин жүктөлгөн камсыздандыруу (медициналык же кырсыктан)
эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Туристтерге карата туроператорлордун жоопкерчилигин жүктөлгөн камсыздандыруу (медициналык же кырсыктан) эрежелери (мындан ары – Эрежелер) туристтерге карата туроператорлордун жоопкерчилигин жүктөлгөн камсыздандырууну (медициналык же кырсыктан) уюштуруу жана жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
пайда табуучу – камсыздандыруу келишими анын пайдасына түзүлгөн камсыздандырылган жак (турист);
камсыздандыруу келишими – камсыздандырылуучу менен камсыздандыруучунун ортосундагы макулдашуу, ага ылайык камсыздандыруучу келишимде каралган камсыздандыруу учуру келип чыкканда келишим менен шартталган камсыздандыруу сыйлыгына пайда табуучуга камсыздандырылган сумманын чегинде камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүгө милдеттенет;
келишим (контракт) – туристтик иш субъекттери менен туристтердин ортосундагы макулдашууну ырастаган, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн предметин, алардын наркын, аткаруу мөөнөттөрүн жана тартибин, анын шарттарын бузгандыгы үчүн тараптардын материалдык жоопкерчилигинин конкреттүү өлчөмүн аныктаган документ;
камсыздандыруу объекти – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, камсыздандырылышы мүмкүн болгон же камсыздандырууга жаткан камсыздандырылуучунун мүлктүк кызыкчылыгы;
камсыздандырылуучу – камсыздандыруучу менен камсыздандыруу келишимин түзгөн туристтик иш субъекти;
камсыздандыруучу – коммерциялык уюм болуп саналган жана тиешелүү түрдөгү камсыздандырууну жүзөгө ашырууга уруксаты (лицензиясы) бар юридикалык жак;
туристтик иш субъекттери – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган менчигинин формасына карабастан ишканалар, мекемелер, уюмдар, жеке жактар;
камсыздандыруу сыйлыгы – камсыздандырылуучу камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө камсыздандыруучуга төлөөгө милдеттүү болгон келишим менен шартталган төлөм;
камсыздандыруу суммасы – камсыздандыруу объекти камсыздандырылган жана камсыздандыруу учуру келип чыккан учурда камсыздандыруучунун жоопкерчилигинин чектик көлөмүн билдирген акча суммасы;
камсыздандыруунун ордун толтуруу – камсыздандыруу учуру келип чыккан учурда камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу тарабынан төлөнүүчү сумма;
камсыздандыруу учуру – камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдар же камсыздандыруу келишими күчүнө кирген учурда камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүгө милдеттүү болгон окуя;
турист – акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө укугу жок, ден соолукту чыңдоо, таанышуу, кесиптик-ишкердик, спорттук, диний жана башка максаттарда убактылуу башка өлкөгө (жерге) удаасы менен 6 айга чейинки же бир түндөн кем эмес мөөнөткө келген адам;
туристтик продукт – жарандарга (туристтерге) көрсөтүлүүчү кызматтардын жыйындысы;
туроператордук иш – юридикалык жак же жеке ишкер (мындан ары – туроператор) тарабынан жүзөгө ашырылуучу туристтик продуктуну түзүү, илгерилетүү жана ишке ашыруу боюнча иш;
турагенттик иш – юридикалык жак же жеке ишкер (мындан ары – турагент) тарабынан жүзөгө ашырылуучу туристтик продуктту илгерилетүү жана ишке ашыруу боюнча иш;
камсыздандыруу аймагы – камсыздандыруу келишими менен аныкталган аймак, анын чегинде келип чыккан камсыздандыруу учуру камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмү боюнча милдеттенмесине алып келет;
экстремалдык туризм – ден соолукка же өмүргө жогорку тобокелчилик шарттарында саякаттоо жана активдүү эс алуу менен байланышкан, атайын даярдык, жабдуу жана коопсуздук чараларын сактоону талап кылган туризмдин түрү. Экстремалдык туризмдин түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2-глава. Камсыздандыруу объекти жана субъекттери
3. Пайда табуучунун (камсыздырылган жактын) Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мезгилинде, анын ичинде туристтик иштин субъекттери тарабынан жүзөгө ашырылуучу уюштурулган туристтик сапарлардын алкагында кырсыктын же күтүлбөгөн оорунун кесепетинен анын өмүрүнө жана (же) ден соолугуна зыян келүү тобокелдигине байланыштуу мүлктүк кызыкчылыгы камсыздандыруу объекти болуп саналат.
4. Туристтерге карата туроператорлордун жоопкерчилигин жүктөлгөн камсыздандыруу (медициналык же кырсыктан) боюнча укуктук мамилелердин субъекттери болуп камсыздандыруучулар, камсыздандырылуучулар, пайда табуучулар эсептелет.
3-глава. Камсыздандыруу тобокелдиги жана камсыздандыруу учуру
5. Келип чыккан учурда жүктөлгөн камсыздандыруу жүргүзүлгөн божомолдонгон окуя камсыздандыруу тобокелдиги болуп саналат.
6. Камсыздандыруу учуру ушул Эрежелерге ылайык төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) пайда табуучунун (камсыздандырылган жактын) өлүмүнө же анын ден соолугуна зыян келтирүүгө алып келген Кыргыз Республикасынын аймагында болгон кырсык;
2) пайда табуучунун (камсыздандырылган жактын) ден соолугуна олуттуу зыян келүүнүн алдын алуу же өмүрүнө коркунучту четтетүү үчүн шашылыш жана ыкчам медициналык жардамды талап кылган күтүлбөгөн курч оору, ден соолугунун кескин начарлашы жана (же) өнөкөт оорунун курчушу.
4-глава. Камсыздандыруу учурунан алып салуулар
7. Ушул Эрежелер боюнча төмөнкүлөрдүн натыйжасында келтирилген зыян камсыздандыруу учуру болуп саналбайт:
1) ядролук жарылуунун, радиациянын же радиоактивдүү булгануунун таасиринин;
2) согуштук аракеттердин, жарандык согуштун, ар кандай түрдөгү элдик толкундоолордун, массалык башаламандыктардын, иш таштоолордун жана террористтик актылардын;
3) камсыздандырылуучунун, пайда табуучунун (камсыздандырылган жактын) атайылап жасаган аракеттеринин, коргонуу же өтө зарыл абалда жасалган аракеттерден тышкары;
4) пайда табуучунун (камсыздандырылган жактын) зыян келтирүүгө күнөөлүү жактан тийиштүү зыяндын ордун толтурууну алуусу;
5) пайда табуучу (камсыздандырылган жак) тарабынан камсыздандыруучуга камсыздандыруу төлөмү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн тиркелүүчү зарыл документтердин берилбегендиги.
8. Ушул Эрежелерге ылайык камсыздандыруучу тарабынан төмөнкүлөрдүн орду толтурулбайт:
1) алынбай калган пайда, айыптар, туумдар, айып төлөмдөр;
2) моралдык зыян;
3) камсыздандыруу суммасынын өлчөмүнөн ашкан чыгымдар;
4) пайда табуучу (камсыздандырылган жак) саякат жана эс алуу үчүн керектүү багажын, документтерин жоготкондугунун натыйжасында келип чыккан чыгымдар;
5) пайда табуучунун (камсыздандырылган жактын) ал боюнча дарылоо жүргүзүлгөнүнө же жүргүзүлбөгөнүнө карабастан камсыздандыруу мөөнөтү башталганга чейин болгон ооруларынан улам ден соолугунун начарлашына же өлүмүнө байланыштуу чыгымдар, ошондой эле мындай дарылоого кеткен чыгымдар, эгерде саякат пайда табуучуга (камсыздандырылган жакка) ден соолугунун абалы боюнча тыюу салынган болсо жана/же болгон оорунун жүрүшүн начарлатышы (анын күчөшүнө себепкер болушу) мүмкүн болсо;
6) пайда табуучунун (камсыздандырылган жактын) өмүрүнө түздөн-түз коркунуч туудурган капысынан күчөгөн ооруларды кошпогондо, өнөкөт ооруларды, алардын ар кандай кесепеттерин жана курчуп кетишин дарылоого чыгымдар;
7) инфекциялык стационарга жана/же изоляторго жаткырууну талап кылган инфекциялык жана паразитардык ооруларды, анын ичинде өмүргө түздөн-түз коркунуч туудурган учурларды кошпогондо, кургак учукту, бруцеллезду, полиомиелитти, нейроинфекцияны, атипикалык пневмония вирусун, сасык тумоонун атипикалык түрлөрүн (штаммдарын) жана алардын кесепеттерин клиникалык формасына жана процесстин стадиясына карабастан дарылоого чыгымдар;
8) көбүнчө жыныстык жол менен жугуучу жугуштуу ооруларды (хламидиоз, трихомоноз, гарднереллез, микоплазмоз, аналдык, гениталдык герпес ж.б.) дарылоого чыгымдар;
9) мурдатан эмдөө менен алдын алууга мүмкүн болгон жана/же жугуштуу ооруну алып жүрүүчү менен байланышта болгондон кийин пайда табуучунун (камсыздандырылган жактын) профилактикалык карантиндик чараларды бузгандыгынын натыйжасы болуп саналган инфекциялык ооруларды дарылоого чыгымдар;
10) терең микоздорду, псориазды дарылоого чыгымдар;
11) бириктирүүчү ткандардын системалык ооруларын (системалык кызыл бөрү жатыш, ревматоиддик артрит, дерматомиозит), системалык васкулиттерди (түйүндүү периартрит, геморрагиялык васкулит), амилоидозду дарылоого чыгымдар;
12) тубаса аномалияларды жана өнүгүүнүн кемтиктерин дарылоого чыгымдар;
13) кесиптик ооруларды дарылоого чыгымдар: химиялык өндүрүш факторлорунун таасиринен келип чыккан өнөкөт интоксикациялар (меланодермия, куюучу лихорадка, тефлон лихорадкасы, пневмокониоздор), физикалык факторлордун таасиринен келип чыккан оорулар (титирөө, ультраүн, электромагниттик нурлануу, электр ширетүү, гипертермия, лазердик нурлануу, декомпрессия);
14) курч жана өнөкөт нурлануу менен жабыркоону дарылоого чыгымдар;
15) күнгө күйүү менен байланышкан аллергияны жана дерматиттерди дарылоого чыгымдар;
16) кант диабетин (I жана II типтеги) дарылоого чыгымдар;
17) канды бөйрөктөн тышкары тазалоону талап кылган өнөкөт бөйрөк жетишсиздигин дарылоого чыгымдар;
18) психикалык ооруларды, эпилепсияны (алгачкы жана симптомдук) жана алардын курчушун, ошондой эле алар менен байланышкан травмалык жаракаттарды дарылоого чыгымдар;
19) онкологиялык, онкогематологиялык ооруларды дарылоого чыгымдар;
20) атайылап камсыздандыруу аймагында дарыланууну алуу максаты менен байланышкан пайда табуучунун (камсыздандырылган жактын) ден соолугунун начарлашын дарылоого же өлүмүнө байланыштуу чыгымдар;
21) коркунучтуу аракеттердин/иштердин ар кандай формасын аткаруу, секирүү, рафтинг, дайвинг, мото-, квадроцикл, скутер жана сноуборд тебүү, тоо лыжа спортунун түрлөрү, автожарыш жана мелдештер, кесиптик же уюштурулган спорт менен машыгуу, аркандарды жана өткөргүчтөрдү колдонууну талап кылган альпинизм, үңкүрлөргө түшүү, трамплинден сууга секирүү, кышкы спорттун түрлөрү жана белгиленген маршрут боюнча үзгүлтүксүз авиарейстин же лицензияланган чартердик рейстин жүргүнчү катары жол киреси төлөнгөндөрдөн тышкары, учуулардын бардык формасы менен байланышкан пайда табуучунун (камсыздандырылган жактын) ден соолугуна зыян келүүсү (ден соолугунун начарлашы) же өлүмү, эгерде бул тобокелдиктер камсыздандыруу келишимине киргизилбесе;
22) ушул транспорт каражатын башкаруу үчүн тийиштүү документтери жок пайда табуучунун (камсыздандырылган жактын) транспорт каражатын башкаруусунун натыйжасында болгон кырсыкка байланыштуу пайда табуучунун (камсыздандырылган жактын) ден соолугуна зыян келүүсү (ден соолугунун начарлашы) же өлүмү, эгерде бул башкаруу документтеринин болушу милдеттүү болсо;
23) пайда табуучунун (камсыздандырылган жактын) оор даражада алкоголдук, ошондой эле баңгилик же уулануу абалында болушунун натыйжасында келип чыккан пайда табуучунун (камсыздандырылган жактын) ден соолугуна зыян келүүсү (ден соолугунун начарлашы) же өлүмү, төмөнкү учурлардан тышкары:
– дарылоочу врачтын көрсөтмөсү боюнча дары каражаттарын колдонуу;
– укук коргоо органы жана (же) сот тарабынан белгиленген алкоголдук, баңгизат, уулуу заттарды мажбурлап колдонуу же аларды күч менен киргизүү;
24) тукумсуздукту, импотенцияны дарылоого, контрацепция методдорун тандоого, жасалма жол менен уруктандырууга чыгымдар;
25) консервативдик дарылоодон тышкары, хирургиялык кийлигишүүнү, анын ичинде электрокардиостимулятор орнотууну талап кылган жүрөк, кан тамыр, нерв системасынын ооруларын дарылоого чыгымдар, аны жүргүзүүгө медициналык көрсөткүчтөр болгон учурда дагы;
26) пластикалык жана калыбына келтирүүчү хирургия жана ар кандай протездөө, анын ичинде тиш, көз жана остеопластика менен байланышкан чыгымдар, ошондой эле аларды жүргүзүүгө медициналык көрсөткүчтөр болгон учурда дагы жүрөк жана кан тамырларга хирургиялык кийлигишүүлөрдү (аортокоронардык шунттоо ж.б.), органдарды жана/же ткандарды трансплантациялоону, экстракорпоралдык дарылоо методдору менен пластикалык операцияларды төлөө боюнча чыгымдар;
27) алкоголь жана анын суррогаттары, баңгизат каражаттары менен курч уулануу;
28) шашылыш көрсөткүчтөр менен байланышпаган транспортировка;
29) медициналык көрсөткүчтөр боюнча пайда табуучунун (камсыздандырылган жактын) саякатын улантууга тоскоол болбогон анча олуттуу эмес оору же жаракат болгон учурда эвакуациялоо боюнча чыгымдар;
30) көз айнектерди, контакттык линзаларды, угуу аппараттарын тандоо, оңдоо жана сатып алуу (камсыздоо), протездик-ортопедиялык каражаттарды, анын ичинде остеосинтез материалдарын (пластиналар, бурамалар), глюкометрлерди жана башка медициналык буюмдарды жана аппараттарды, ошондой эле биологиялык активдүү кошулмаларды сатып алуу менен байланышкан чыгымдар;
31) медициналык көз караштан алганда зарыл болуп эсептелбеген кызматтарды көрсөтүүгө же врач тарабынан дайындалбаган дарылоого байланыштуу чыгымдар;
32) «салттуу эмес» методдордун (элдик медицина) бардык түрлөрү, анын ичинде дарылоочу массаж, мануалдык терапия, ийне терапиясы, гирудотерапия менен дарылоого байланыштуу чыгымдар;
33) санаториялык-курорттук дарылоого, санаториялык, терапевттик же камкордукка байланыштуу чыгымдар;
34) кош бойлуулук жана төрөт (анын ичинде оорлошуп кетүү) жана кош бойлуулукту токтотуу (12 жумадан ашпаган мөөнөттө пайда табуучунун өмүрүнө түздөн-түз коркунуч туудурган кырсыктардан тышкары), ошондой эле айыз циклинин бузулушуна байланыштуу чыгымдар;
35) ар кандай профилактикалык изилдөөлөр, жалпы медициналык кароолор, эмдөөлөр менен байланышкан чыгымдар;
36) стационардык шарттарда 14 (он төрт) календардык күндөн ашык дарылоо менен байланышкан чыгымдар;
37) 10 000 (он миң) сомдон ашкан суммага курч тиш оорусун дарылоо менен байланышкан чыгымдар;
38) иммундук жетишсиздик вирусуна, анын ичинде СПИДге жана анын кесепеттерине (оорлошуп кетүүлөрүнө) байланыштуу чыгымдар же башка жоопкерчилик;
39) «А» жана «Е» гепатиттеринен тышкары, вирустук гепатиттер менен ооруга же оорунун кесепеттерине (оорлошуп кетүүсүнө) байланыштуу чыгымдар, башка жоопкерчилик;
40) тиешелүү лицензиясы жок же медициналык жардам көрсөтүлгөн учурда лицензиянын колдонулушу токтотулган медициналык мекеме (врач) тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарга байланыштуу чыгымдар;
41) камсыздандыруунун колдонуу мөөнөтү башталганга чейин жана аяктагандан кийин болгон кырсыктын келип чыгышы менен жүргүзүлгөн, ошондой эле пайда табуучу (камсыздандырылган жак) туруктуу жашаган өлкөгө кайтып келгенден кийин пайда болгон чыгымдар;
42) баш жана/же жүлүн мээсинин жабыркашы менен шартталган реанимацияда же интенсивдик терапия бөлүмүндө дарыланууда жана болууда реанимацияда же интенсивдик терапия бөлүмүндө он календардык күндөн ашык болуу мезгили үчүн чыгымдар.
5-глава. Камсыздандыруу суммасы
9. Камсыздандыруу суммасынын өлчөмү 3 000 000 (үч миллион) сомдон кем эмес, экстремалдык туризм үчүн – 5 000 000 (беш миллион) сомдон кем эмес болууга тийиш.
6-глава. Камсыздандыруу келишими
10. Камсыздандыруу келишими өмүрүнө жана (же) ден соолугуна кырсыктын же күтүлбөгөн оорунун кесепетинде зыян келтирилиши мүмкүн болгон пайда табуучунун (камсыздандырылган жактын) пайдасына түзүлгөн болуп эсептелет.
11. Камсыздандыруу келишими төмөнкүлөр жөнүндө негизги маалыматтарды камтууга тийиш:
1) камсыздандыруу полисинин тараптары (камсыздандыруучу, камсыздандырылуучу);
2) камсыздандыруу объекттери;
3) келип чыккан учурда камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлө турган камсыздандыруу учурлары;
4) камсыздандыруу суммасынын жана жоопкерчиликтин чегинин өлчөмү;
5) камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмү жана аны төлөө тартиби;
6) камсыздандыруу төлөмү үчүн документтер;
7) камсыздандыруу учурунан алып салуулар;
8) камсыздандыруу мөөнөттөрү;
9) камсыздандыруу аймактары;
10) туризмдин экстремалдык түрлөрүндө үч күндөн кем эмес мөөнөткө издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүнү кароо, мында аларды жүргүзүү чыгымдары камсыздандыруу суммасына киргизилет жана камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу келишиминде белгиленген камсыздандыруу суммасынын чегинде орду толтурулат;
11) ошондой эле тараптардын макулдашуусу боюнча башка шарттар.
12. Камсыздандыруу келишими мүлктүк кызыкчылыгы бар камсыздандырылуучунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде түзүлөт.
13. Камсыздандыруу келишими жөнөкөй жазуу түрүндө, анын ичинде электрондук документ түрүндө түзүлөт.
14. Камсыздандырылуучу камсыздандыруу келишимин анын колдонуу мөөнөтү ичинде жоготкон учурда, камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча ага камсыздандыруу келишиминин дубликатын берет.
15. Камсыздандыруу келишиминин колдонуу мөөнөтү тараптардын макулдашуусу менен белгиленет, мында камсыздандыруу мезгили туристтин болуу мөөнөтүнө дал келүүгө тийиш.
16. Камсыздандыруу келишиминде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, камсыздандыруу келишими камсыздандыруу сыйлыгы же анын биринчи төгүмү төлөнгөн учурдан тартып күчүнө кирет.
7-глава. Тараптардын укуктары жана милдеттери
17. Камсыздандырылуучу/пайда табуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) камсыздандыруу келишими жоголгон учурда анын дубликатын алууга;
2) камсыздандыруучудан камсыздандыруу шарттарына байланыштуу маалымат алууга;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыздандыруучунун камсыздандыруунун ордун толтурууну төлөөнү жүзөгө ашыруудан баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө чечимин талашууга.
18. Камсыздандырылуучу/пайда табуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандырылуучуга белгилүү болгон камсыздандыруу учурунун келип чыгуу ыктымалдыгын жана анын келип чыгышынан мүмкүн болгон зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн олуттуу мааниге ээ жагдайларды камсыздандыруучуга билдирүүгө;
2) эгерде бул өзгөрүүлөр камсыздандыруу учурунун келип чыгуу ыктымалын жана (же) мүмкүн болгон зыяндын өлчөмүн көбөйтсө, камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандыруучуга маалыматтары билдирилген жагдайлардын өзгөргөнү жөнүндө ага белгилүү болгон күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул тууралуу камсыздандыруучуга билдирүүгө;
3) бул камсыздандыруу объекти боюнча түзүлгөн же түзүлүп жаткан бардык камсыздандыруу келишимдери жөнүндө камсыздандыруучуга билдирүүгө;
4) камсыздандыруу келишиминде аныкталган өлчөмдө жана тартипте камсыздандыруу сыйлыгын өз убагында төлөөгө;
5) камсыздандыруу учурунун келип чыккандыгы жөнүндө камсыздандыруучуга он календардык күндөн кечиктирбестен кабарлоого;
6) камсыздандыруу учурунун келип чыгышына жооптуу күнөөлүү үчүнчү жакка болгон талап укугун (суброгация) камсыздандыруучуга өткөрүүнү камсыз кылууга;
7) ушул Эрежелерге ылайык камсыздандыруучуга керектүү документтерди берүүгө.
19. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) камсыздандырылуучудан/пайда табуучудан камсыздандыруу келишимин түзүүдө жана мындай келишимдин колдонуу мөөнөтү ичинде тобокелдиктин деңгээлин баалоо үчүн зарыл болгон маалыматты берүүнү талап кылууга;
2) камсыздандыруу келишиминде, камсыздандырууга арызда же камсыздандыруучунун жазуу жүзүндөгү суроо-талабында эскертилгендерге салыштырмалуу жагдайлар олуттуу өзгөргөндө камсыздоо келишиминин шарттарын өзгөртүүнү же тобокелдиктин деңгээлинин жогорулашына жараша кошумча камсыздандыруу сыйлыгынын төлөнүшүн талап кылууга;
3) кабарланган маалыматтардын иш жүзүндөгү жагдайларга шайкештигин текшерүүгө;
4) ушул Эрежелерде каралган учурларда камсыздандыруунун ордун толтурууну төлөөдөн баш тартууга.
20. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) камсыздандырылуучуну/пайда табуучуну камсыздандыруу шарттары менен тааныштырууга;
2) камсыздандыруу сырын сактоого;
3) камсыздандыруу келишимин жоготкон учурда камсыздандырылуучуга/пайда табуучуга анын дубликатын берүүгө.
21. Камсыздандыруу келишиминде тараптардын Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктары жана милдеттери каралышы мүмкүн.
8-глава. Камсыздандыруунун ордун толтурууну төлөө тартиби жана шарттары
22. Камсыздандыруу төлөмү үчүн кайрылууда камсыздандырылуучу жана/же пайда табуучу төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) камсыздандыруунун ордун толтурууну төлөө жөнүндө арыз;
2) пайда табуучунун паспортунун көчүрмөсү;
3) туристтик продуктту ишке ашыруу жөнүндө келишимдин көчүрмөсү, анын ичинде анын бардык тиркемелери жана кошумча макулдашуулары (анын түп нускасын көрсөтүү менен);
4) камсыздандыруу учурунун келип чыгуу фактысын ырастаган документтер, ошондой эле келтирилген зыяндын өлчөмүн ырастаган жана (же) пайда табуучуга медициналык жана (же) башка жардам көрсөтүү зарылдыгы жөнүндө күбөлөндүргөн документтер.
Иш сотко өткөрүлгөн учурда мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кошумча берилет.
23. Камсыздандыруучу камсыздандырылуучудан/пайда табуучудан же компетенттүү мамлекеттик органдардан камсыздандыруунун ордун толтурууну төлөө же төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон камсыздандыруу учурунун келип чыгуу жагдайларын ырастаган документтерди суроого укуктуу.
24. Ушул Эрежелердин 22, 23-пункттарында көрсөтүлгөн документтер мамлекеттик же расмий тилде түзүлүшү керек болгон түп нускада же күбөлөндүрүлгөн көчүрмө түрүндө берилет. Камсыздандыруучунун талабы боюнча чет тилде түзүлгөн документтер (пайда табуучунун паспортунан тышкары) камсыздандыруучуга мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормодо берилиши керек.
25. Бардык керектүү документтерди алгандан кийин камсыздандыруучу он календардык күндүн ичинде камсыздандыруунун ордун толтурууну төлөө же төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
26. Камсыздандыруунун ордун толтурууну төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда камсыздандыруучу ушул Эрежелердин 25-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде бул тууралуу пайда табуучуга жазуу жүзүндө кабарлайт.
27. Камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүн аныктоо камсыздандыруучу тарабынан алынган документтердин негизинде зарыл болгон учурда көз карандысыз эксперттерди тартуу менен жүргүзүлөт.
28. Камсыздандыруунун ордун толтуруу келтирилген реалдуу зыяндын өлчөмүндө төлөнөт.
9-глава. Камсыздандыруунун ордун толтурууну төлөөдөн баш тартуу
29. Камсыздандыруучу төмөнкү учурларда камсыздандыруу төлөмүнөн баш тартууга укуктуу:
1) камсыздандырылуучу/пайда табуучу камсыздандыруучуга окуя келип чыккандыгы тууралуу ушул Эрежелерде каралган мөөнөттөрдө кабарлаган эмес, эгерде камсыздандыруучунун камсыздандыруу учуру келип чыккандыгы жөнүндө өз убагында билгендиги, же болбосо камсыздандыруучуда бул тууралуу маалыматтын жоктугу анын камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүү милдетине таасир этпегендиги далилденбесе;
2) камсыздандырылуучу жана (же) пайда табуучу камсыздандыруучуга же анын өкүлдөрүнө келтирилген зыяндын жагдайларын, мүнөзүн жана өлчөмүн аныктоодо тоскоолдук кылган болсо;
3) камсыздандырылуучу жана (же) пайда табуучу ушул Эрежелердин 22, 23-пункттарында каралган документтерди бербесе;
4) эгерде камсыздандыруу келишиминин колдонулушу камсыздандыруу учуру келип чыкканга чейин токтосо;
5) камсыздандыруу окуясы камсыздандыруу келишими күчүнө киргенге чейин келип чыкса;
6) эгерде камсыздандыруу келишими түзүлгөндөн кийин камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга атайылап жалган маалымат бергендиги белгиленсе;
7) эгерде окуя ушул Эрежелердин 4-главасында каралган камсыздандыруу учурунан алып салууларга кирсе.
30. Камсыздандыруучу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган башка учурларда да камсыздандыруу төлөмүнөн баш тартууга укуктуу.
10-глава. Камсыздандыруу келишиминин колдонулушун токтотуу шарттары
31. Камсыздандыруу келишими төмөнкү учурларда токтотулат:
1) колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
2) камсыздандыруучу камсыздандыруу келишими боюнча милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарганда;
3) камсыздандырылуучу келишимде белгиленген мөөнөттөрдө камсыздандыруу сыйлыгын (камсыздандыруу төгүмдөрүн) төлөбөсө;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак болуп саналган камсыздандырылуучу же камсыздандыруучу жоюлганда;
5) сот тарабынан камсыздандыруу келишимин жараксыз деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынса;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган башка учурларда.
Камсыздандыруу келишиминин колдонулушу мөөнөтүнөн мурда бир тараптуу же тараптардын макулдашуусу боюнча токтотулушу мүмкүн.
32. Камсыздандыруу келишими мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда камсыздандыруучу камсыздандыруу колдонулган убакытка пропорционалдуу камсыздандыруу сыйлыгынын бир бөлүгүнө жана 10 % өлчөмүндө иш жүргүзүүгө кеткен чыгымдарды кармоого укуктуу. Камсыздандырылуучуга камсыздандыруу мөөнөтүнүн бүтө элек мезгили үчүн камсыздандыруу сыйлыгынын бир бөлүгү иш жүргүзүүгө кеткен чыгымдарды жана төлөнгөн салыктарды жана жыйымдарды чегерүүдөн кийин кайтарылып берилет.
11-глава. Форс-мажор
33. Камсыздандыруу келишими боюнча милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган тарап, эгерде ал жеткис күч жагдайларынын, башкача айтканда өзгөчө жана бул шарттарда алдын алууга мүмкүн болбогон жагдайлардын кесепетинен талаптагыдай аткаруу мүмкүн болбогонун далилдесе мүлктүк жоопкерчилик тартпайт.
34. Форс-мажордук жагдайларга суу ташкындары, өрттөр, жер титирөөлөр жана башка табигый кырсыктар, согуштар же ар кандай мүнөздөгү аскердик аракеттер, блокадалар, мамлекеттик органдардын тыюу салуулары кирет, бирок булар менен чектелбейт.
35. Форс-мажордук жагдайлардын колдонулушу компетенттүү органдардын тиешелүү документтери менен ырасталууга тийиш.
12-глава. Башка шарттар жана талаш-тартыштарды чечүү тартиби
36. Пайда табуучунун улуттук же чет өлкөлүк камсыздандыруу компанияларынан алынган жана ушул Эрежелердин шарттарына ылайык келген камсыздандыруу полиси болгон учурда, туристтик иш субъекттери туристтик продуктту ишке ашырууда пайда табуучуларды камсыздандыруу полистери менен камсыз кылууга милдеттүү эмес, мында камсыздандыруу полиси төмөнкү шарттарга ылайык келүүгө тийиш:
1) жалпы камсыздандыруу суммасы жана жабылган чыгымдардын тизмеги ушул Эрежелердин 5-главасында көрсөтүлгөн минималдуу талаптарга ылайык келиши керек;
2) камсыздандыруу мезгили туристтин болуу мөөнөтүнө ылайык келиши керек;
3) документтин тили – мамлекеттик/расмий/англис.
37. Бул Эрежелердин талаптары Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жайылтылбайт же каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.
38. Камсыздандыруучу, камсыздандырылуучу жана пайда табуучу ортосундагы бардык талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте каралат.