Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-августу № 22
Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 19 «“Манас” спорт комплексинин айрым объекттерин мамлекеттик менчикке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 10, 11 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында 2024–2034-жылдарга футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, футбол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, «Манас» спорт комплексинин курулушун аяктоону жана аны мындан ары пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле кадастрдык маалыматтарды тактоо менен байланыштуу Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы төмөнкүлөрдү токтом кылат:
1. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 19 «“Манас” спорт комплексинин айрым объекттерин мамлекеттик менчикке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун 3-абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
- идентификациялык коду 7-03-13-0004-0459 болгон, Кара-Балта шаары, Космонавтов көчөсү, 11а дареги боюнча жайгашкан, анын курамына төмөнкү объекттер кирген спорт комплексинин имараттары жайгашкан жер тилкеси:
- литер А — жалпы аянты 1115,33 кв.м болгон үч кабаттуу имарат;
- литер Б — жалпы аянты 904,25 кв.м болгон спорттук (күрөш) залы;
- литер В — жалпы аянты 504,00 кв.м болгон машыгуу залы.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Балта шаардык кеңешинин бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри А. К. Исаковго жүктөлсүн.
Таркатылсын:иш кагаздарына, Кара-Балта шаарынын мэриясына, УМСке, Мамкаттоого, Архитектура башкармалыгына, КР ЮМга.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |