Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-августу № 588
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 «Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 «Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- үчүнчү абзацта «614» деген цифралар «737» деген цифраларга алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«- интервьюерлерге иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн бир штаттык бирдикке 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм төлөнөт, ал өргүү акыларын, жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын аймактарда жашагандыгы, иштегендиги үчүн үстөктөрдү жана кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт.».
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-августундагы № 65 (3825) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |