Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 28-августу № 303
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктта:
- 1-пунктча "үстөк" деген сөздөн кийин "жана кошумча төлөм" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжасы, кесиптик демилге көтөргөндүгү жана ченемге салынбаган иш режими үчүн кызматтык маянага 50 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк;";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Төмөнкүлөргө 15000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын мамлекеттик жарандык кызматчыларына;
2) айрым контролдоо-өткөрүү пункттарында кызматтык ишти жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынан, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынан, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынан тышкары, мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик жарандык кызматчыларына;
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларына.
Президенттик компенсациялык төлөм өргүүлөрдү, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн бир штаттык бирдиктен (бир ставкадан) ашык эмес төлөнөт.";
3) жогоруда аталган Жарлыктын 1, 2-тиркемелери ушул Жарлыктын 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
| "1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
I. Мамлекеттик жарандык кызматчылар | ||
1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду | ||
1 | Мамлекеттик органдын жетекчиси | 8,00 |
2 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басары | 7,45 |
3 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары | 7,40 |
4 | Мамлекеттик органдын аппарат жетекчиси | 6,90 |
5 | Башкармалыктын начальниги | 6,70 |
6 | Бөлүмдүн башчысы | 6,50 |
7 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин кеңешчиси | 6,15 |
8 | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы, басма сөз-катчы | 6,00 |
9 | Сектордун башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 5,65 |
10 | Башкы инспектор, башкы адис, мамлекеттик органдын жетекчисинин жардамчысы | 5,20 |
11 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 4,95 |
12 | Инспектор, адис | 4,70 |
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволор, улуттук комиссиялар, мамлекеттик комиссиялар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары | ||
1 | Мамлекеттик органдын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү | 6,60 |
2 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары | 6,45 |
3 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары | 6,40 |
4 | Мамлекеттик органдын аппаратынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси | 5,95 |
5 | Башкармалыктын начальниги, борбордун жетекчиси | 5,65 |
6 | Бөлүмдүн башчысы | 5,50 |
7 | Жооптуу катчы, борбордун жетекчисинин орун басары, мамлекеттик органдын жетекчисинин кеңешчиси | 5,20 |
8 | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы, башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы, басма сөз-катчы | 5,10 |
9 | Сектордун башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 4,80 |
10 | Эксперт | 4,60 |
11 | Башкы инспектор, башкы адис, мамлекеттик органдын жетекчисинин жардамчысы | 4,45 |
12 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 4,20 |
13 | Инспектор, адис | 3,95 |
3. Мамлекеттик органдардын агенттиктер, кызматтар, инспекциялар жана фонддор түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия | ||
1 | Агенттик, кызмат, инспекция жана фонд түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси | 4,70 |
2 | Агенттик, кызмат, инспекция жана фонд түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары | 4,42 |
3 | Башкармалыктын начальниги | 4,13 |
4 | Бөлүмдүн башчысы, башкы илимий катчы | 4,03 |
5 | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы | 3,84 |
6 | Сектордун башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,74 |
7 | Башкы инспектор, башкы адис | 3,55 |
8 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 3,26 |
9 | Инспектор, адис | 2,98 |
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволордун, улуттук комиссиялардын, комиссиялардын жана министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин ведомстволук департаменттери жана борборлору түрүндөгү мамлекеттик органдардын ведомстволук мекемелери | ||
1 | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси | 4,48 |
2 | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары | 4,21 |
3 | Башкармалыктын начальниги | 4,05 |
4 | Бөлүмдүн башчысы | 3,83 |
5 | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы | 3,66 |
6 | Сектордун башчысы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,57 |
7 | Башкы инспектор, башкы адис | 3,39 |
8 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 3,11 |
9 | Инспектор, адис | 2,84 |
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, мамлекеттик органдардын региондор аралык, облустук жана шаардык (Бишкек ш. жана Ош ш.) түзүмдөрү | ||
1 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким | 4,52 |
2 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары - акимдин орун басары | 4,26 |
3 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын жетекчиси, региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыктарынын, инспекциянын, бөлүмдүн, өкүлчүлүктүн жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси | 4,00 |
4 | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыктарынын, инспекциянын, бөлүмдүн, өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары | 3,74 |
5 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын бөлүм башчысы | 3,65 |
6 | Бөлүмдүн башчысы | 3,48 |
7 | Сектордун башчысы, бөлүмдөгү сектордун башчысы, улук мамлекеттик нотариус, кеңешчи, биринчи катчы, экинчи катчы | 3,39 |
8 | Башкы инспектор, башкы адис, мамлекеттик нотариус, дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, вице-консул, үчүнчү катчы | 3,22 |
9 | Улук инспектор, жетектөөчү адис, атташе | 2,96 |
10 | Инспектор, адис | 2,70 |
6. Мамлекеттик органдардын райондук жана шаардык (облустук маанидеги шаардын) түзүмдөрү | ||
1 | Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, мамлекеттик органдардын бөлүмүнүн жетекчиси | 4,00 |
2 | Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, мамлекеттик органдардын бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары | 3,46 |
3 | Бөлүмдүн башчысы | 3,22 |
4 | Сектордун башчысы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,18 |
5 | Башкы инспектор, башкы адис, мамлекеттик нотариус | 3,05 |
6 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 2,81 |
7 | Инспектор, адис | 2,56 |
II. Муниципалдык кызматчылар | ||
1. Республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери | ||
1 | Республикалык маанидеги шаардын мэри, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы | 6,60 |
2 | Мэрдин биринчи орун басары | 6,45 |
3 | Мэрдин орун басары, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басары, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы (ар бир жергиликтүү кеңеште туруктуу комиссиялардын экиден көп эмес төрагалары) | 6,40 |
4 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын, жергиликтүү кеңешинин аппаратынын жетекчиси | 5,95 |
5 | Башкармалыктын начальниги | 5,65 |
6 | Бөлүмдүн башчысы | 5,50 |
7 | Республикалык маанидеги шаардын мэринин кеңешчиси | 5,20 |
8 | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы | 5,10 |
9 | Сектордун башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы, коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу | 4,80 |
10 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын басма сөз-катчысы | 4,60 |
11 | Башкы адис, башкы инспектор, республикалык маанидеги шаардын мэринин жардамчысы | 4,45 |
12 | Жетектөөчү адис, улук инспектор | 4,20 |
13 | Адис, инспектор | 3,95 |
2. Облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, республикалык маанидеги шаарлардын мэриясынын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү | ||
1 | Облустук маанидеги шаардын мэри, облустук маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы | 4,52 |
2 | Республикалык маанидеги шаардын административдик районунун башчысы | 4,26 |
3 | Облустук маанидеги шаардын мэринин орун басары, республикалык маанидеги шаардын административдик районунун башчысынын орун басары | 4,05 |
4 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси, муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчиси (мэриянын түзүмүндө) | 4,03 |
5 | Республикалык маанидеги шаардын муниципалдык администрациясынын аппаратынын жетекчиси, облустук маанидеги шаардын мэриясынын аппаратынын жетекчиси, шаардык кеңештин жооптуу катчысы | 4,02 |
6 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчисинин орун басары (мэриянын түзүмүндө) | 3,65 |
7 | Бөлүмдүн башчысы | 3,48 |
8 | Сектордун башчысы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,39 |
9 | Башкы инспектор, башкы адис | 3,22 |
10 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 2,96 |
11 | Инспектор, адис | 2,70 |
3. Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, республикалык маанидеги шаардын мэриясынын бөлүмдөрүнүн аймактык түзүмдөрү | ||
1 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын аймактык, ведомстволук бөлүмүнүн аймактык түзүмүнүн жетекчиси, облустук маанидеги шаардын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси | 4,00 |
2 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын аймактык, ведомстволук бөлүмүнүн аймактык түзүмүнүн жетекчисинин орун басары | 3,30 |
3 | Бөлүмдүн башчысы | 3,22 |
4 | Сектордун башчысы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,18 |
5 | Башкы адис | 3,05 |
6 | Жетектөөчү адис | 2,81 |
7 | Адис | 2,56 |
4. Райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери | ||
1 | Райондук маанидеги шаардын мэри, райондук маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы (калкынын саны 20001 адам жана андан жогору болсо) | 3,67 |
2 | Райондук маанидеги шаардын вице-мэри | 3,44 |
3 | Райондук маанидеги шаардын мэриясынын аппаратынын жетекчиси, шаардык кеңештин жооптуу катчысы | 3,22 |
4 | Бөлүмдүн башчысы | 2,99 |
5 | Сектордун башчысы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 2,92 |
6 | Башкы адис | 2,76 |
7 | Жетектөөчү адис | 2,55 |
8 | Адис | 2,32 |
5. Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары | ||
1 | Айыл өкмөтүнүн башчысы (калктын саны 10000 адам жана андан жогору болсо), айылдык кеңештин төрагасы (калктын саны 20001 адам жана андан жогору болсо) | 3,31 |
2 | Айыл өкмөтүнүн башчысы (калктын саны 10000 адамга чейин болсо) | 3,23 |
3 | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары | 3,11 |
4 | Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы (калктын саны 6001 адам жана андан жогору болсо), райондук маанидеги шаардын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси | 2,91 |
5 | Бөлүмдүн башчысы | 2,70 |
6 | Сектордун башчысы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 2,64 |
7 | Башкы адис | 2,50 |
8 | Жетектөөчү адис, староста | 2,30 |
9 | Адис, инспектор | 2,10 |