Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 20-августу № 635-т
Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын жана Ош облусунун өнүгүшүнө кошкон салымы жана ак ниет эмгеги үчүн сыйлоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ардагери Боколоев Эсенгелди Мырзакожоевичтин менчигине Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ош шаары, Таттыбүбү Турсунбаева көчөсү, № 66а дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлктү, жалпы аянты 1448,0 кв. метр жер тилкеси менен акысыз өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктү белгиленген тартипте кайра каттоодон өткөрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |