Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН V КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-август №5/2
Көрүстөндөрдү брондоо тартиби жобосун бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренелерине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагындагы көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө жобону Кара-Суу айыл аймагынын калкынын каршы пикирин эске алуу менен жана көрүстөндөрдү брондоого муктаждык болбогондугуна байланыштуу жобону бекитүү четке кагылсын.
2. Токтомду маалымдоо жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б. Мамытовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жакыпакун уулу |