Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН V КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-август №5/3
Жайыттарды жана чабындыларды пайдалануунун белгиленген режимин бузган мал ээси аныкталбаган кароосуз малдарды убактылуу камап багуу тартиби жөнүндө.
Кыргыз Респүбликасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкарүү органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренеси, бюджет кодексинин 52-беренесинин жана Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставынын 11.3-бөлүгүнө ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыттарынын жана чабындыларынын корукчусу, кароолу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жакыпакун уулу |
БЕКИТИЛДИ |
Кара-Суу айылдык кеңешинин |
2026-жылдын 27-августундагы |
№ 5/3 токтому менен |
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыттарынын жана чабындыларынын корукчусу жана кароолу жөнүндө
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кара-Суу айыл өкмөтүнүн муниципалдык жайыттарынын жана чабындыларынын корукчусу менен кароолунун укуктарын, милдеттерин, жоопкерчилигин жана иш тартибин, эмгек акысын эсептөө, төлөө тартибин жана ээси аныкталбаган кароосуз малдарды убактылуу камап багуу тартибин аныктайт.
1.2. Корукчу менен кароол өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларын, айыл өкмөтүнүн чечимдерин, буйруктарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.3. Корукчу менен кароол муниципалдык ишкананын башчысына же анын буйругу менен дайындалган жооптуу кызматкерге түздөн-түз баш иет.
1.4. Атайын уюштурулган короого убактылуу камалган малды чөп менен камсыздоо муниципалдык мекемеге өз каражатынын эсебинен топтоо милдеттендирилет. Камакка түшкөн мал ээси тарабынан камак учурунда малга салынган чөптүн акысы үчүн төлөнгөн акча каражаты муниципалдык мекеменин эсептик счетуна которулуп берилет. Камакка түшкөн малдын ээси аныкталганга чейинки мал жеген тоют малдын ээси тарабынан, өз малдарын чыгарып кетээр алдында эки тараптын сүйлөшүүсү менен мал ээси тоюттун чыгымын төлөп берүүгө милдеттүү.
1.5. Корукчу – Кара-Суу айыл аймагында мезгилдүү, келишимдик негизде жер корук иштери боюнча иш алып барган кызмат адамы (мындан ары корукчу)
1.6. Кароол – мезгилдүү, келишимдик негизде Кара-Суу айыл аймагында муниципалдык ишкана уюштурган атайын убактылуу мал камоочу жайга камакка түшкөн малды карап баккан кызмат адамы (мындан ары кароол)
2. Максаты
2.1. Корукчу: Айдоо аянттарды, жайыттарды жана чабындыларды мыйзамсыз мал жайып жана башка пайдаланууга жол бербөө.
2.2. Жайыттарды сарамжалдуу пайдаланууга көмөктөшүү.
2.3. Муниципалдык мүлктү сактоо жана жайыттардын экологиялык абалын көзөмөлдөө жана мыйзам бузулган учурда айыл өкмөтүнө же МИ га билдирүүсү шарт.
2.4. Кароол: Кара-Суу айыл аймагында айыл өкмөтү уюштурган атайын убактылуу мал камоочу жайга камакка түшкөн малды карап, МИ тарабынан камсыздалган чөптү өз убагында берип жана малды сугарып туруу.
3. Корукчу менен кароолдун негизги милдеттери
Корукчу төмөнкүлөргө милдеттүү:
Кароол төмөнкүлөргө милдеттүү:
4. Корукчу менен кароолдун укуктары
Корукчу төмөнкү укуктарга ээ: