Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН V КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-август №5/5
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнун 2027-2028-2029-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 102-беренесине «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2027-2028-2029-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолу төмөндөгүдөй тиркемеге ылайык бекитилсин:
2027-жыл Теңдештирилген трансферт -29 723,2 (жыйырма тогуз миллион жети жүз жыйырма үч миң эки жүз) сом
Жергиликтүү бюджет -25 592,9 (жыйырма беш миллион беш жүз токсон эки миң тогуз жүз) сом
Жалпы: 55 316,1 (элүү беш миллион үч жүз он алты миң бир жүз) сом:
2028-жыл Теңдештирилген трансферт -29 874,5 (жыйырма тогуз миллион сегиз жүз жетимиш төрт миң беш жүз ) сом
Жергиликтүү бюджет -26 576,5 (жыйырма алты миллион беш жүз жетимиш алты миң беш жүз) сом
Жалпы: 56 451,0 (элүү алты миллион төрт жүз элүү бир миң ) сом:
2029-жыл Теңдештирилген трансферт -29 874,2 (жыйырма тогуз миллион сегиз жүз жетимиш төрт миң эки жүз ) сом
Жергиликтүү бюджет -27 460,1 (жыйырма жети миллион төрт жүз алтымыш миң бир жүз ) сом
Жалпы: 57 334, 3 (элүү жети миллион үч жүз отуз төрт миң үч жүз) сом:
2. Токтомдун аткарылышын Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жакыпакун уулу |
БЕКИТИЛДИ |
Кара-Суу айылдык кеңешинин |
2026-жылдын 27-августундагы |
№ 5/5 токтому менен |
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2027-2028-2029-жылдарга карата
түзүлгөн бюджетинин долбоору
2027-жыл | 2028-жыл | 2029-жыл | |||
Жергиликтүү киреше | Республикалык бюджет | Жергиликтүү киреше | Республикалык бюджет | Жергиликтүү киреше | Республикалык бюджет |
25592,9 | 29723,2 | 26576,5 | 29874,5 | 27460,1 | 29874,2 |
Жалпы | Жалпы | Жалпы | |||
55 316,1 | 56 451 | 57 334,3 | |||
Төрага К. Жакыпакун уулу