Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 27-августу № 01-23/242
Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында этика боюнча комиссиянын отчеттуулук формасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилине I этап үчүн), Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө” Жарлыгын жана “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында буйрук кылам:
1. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын этика боюнча комиссиянын ишинин отчеттуулук формасы (тиркемеге ылайык) бекитилсин.
2. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары этика боюнча комиссиянын иши боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке (мындан ары – Агенттик) жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки айдын 10на чейин бекитилген формага ылайык берип турушсун.
3. Кадрдык, финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Агенттиктин веб-сайтында анын жарыяланышын камсыз кылсын.
4. Агенттиктин кадр саясаты башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмү кабыл алынган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде буйруктун электрондук версиясын электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Агенттиктин 2026-жылдын 29-июлундагы “Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында этика боюнча комиссиянын отчеттуулук формасын бекитүү жөнүндө” № 01-23/215 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо директордун орун басары Б.С. Усеналиевага жүктөлсүн.
Директор |
| Э.Н. Джантаев |
БЕКИТИЛДИ
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетине караштуу
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу иштери
боюнча мамлекеттик агенттиктин
2026-ж. “27”-августундагы
№ 01-23/242 буйругу
Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында
этика боюнча комиссиянын ишинин отчету
№ |
Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы | Этика ченемдеринин бузулушун кароо | Окутуу жана алдын алуу иштери |
Эскертүү | ||||
Отурумдардын саны |
Бузуунун түрү |
Колдонуу чаралары | Этикалык жүрүм-турум маселелери боюнча өткөрүлгөн окутуу иш-чараларынын саны | Коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун жоюу боюнча киргизилген сунуштардын саны | Кызматчылар менен этика маселелери боюнча өткөрүлгөн профилактикалык маектешүүлөрдүн саны | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|