Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН V КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-август №5/6
Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүнө карата иш планын бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө” № 40 жарлыгынын негизинде Кара-Суу айыл аймагында жыл сайын сентябрдын акыркы жума күнү органикалык айыл чарбанын улуттук күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүү жөнүндө иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жакыпакун уулу |
|
БЕКИТИЛДИ | ||
Кара-Суу айылдык кеңешинин | ||
2026-жылдын 27-августундагы | ||
№ 5/6 токтому менен. | ||
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылы 11-февралындагы “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө” № 40 жарлыгынын негизинде Кара-Суу айыл аймагында жыл сайын сентябрдын акыркы жума күнү органикалык айыл чарбанын улуттук күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүү жөнүндө
ИШ ПЛАНЫ
№ | Иш-чаранын аталышы | Жооптуулар | Өткөрүү күнү |
1 | Органикалык продукция жарманкелерин, көргөзмөлөрүн жана дегустацияларды өткөрүү | Ш.Жакшыбек уулу Р.Кадыралиев П.Чикеева А.Сарымсакова | 23-сентябрь 2026-ж |
2 | Дыйканчылык техналогиялары боюнча семинарларды жана тренингдерди өткөрүү | М.Абдырахманов У.Төлөгөнов | 14-сентябрь 2026-ж |
3 | Мектеп окуучуларына органикалык өндүрүш жана туура тамактануу темасы боюнча агартуу иш-чараларын өткөрүүнү уюштуруу | Б.Мусакожо кызы Ш.Жакшыбек уулу Р.Кадыралиев | 14-сентябрь 2026-ж |
4 | Дыйкан фермерлерди жарманкеге алып келген продукцияларын, көргөзмөлөрүн жана дегустацияларды комиссиянын чечими менен жеңүүчүлөрдү аныктап баалуу сыйлыктар менен сыйлоо | Р.Исмаилов П.Чикеева А.Сарымсакова М.Абдырахманов Р.Кадыралиев Ш.Жакшыбек уулу Б.Асаналиев | 23-сентябрь 2026-ж |
5 | Дыйкан фермерлер менен биргеликте органикалык продукцияны өндүрүү боюнча пикир алышууну уюштуруу | М.Абдырахманов У.Төлөгөнов Р.Кадыралиев Ш.Жакшыбек уулу Ж.Үшүмбаев | 22-сентябрь 2026-ж |