Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН V КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-август №5/7
Кара-Суу айыл аймагынын башкы планына толуктоо киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылындагы Токтакунов Апыскары атындагы көчөсүнүн №18/1 дарегинде жайгашкан 4-02-03-1001-1095 идентификациялык кодундагы мечит Кара-Суу айылынын 2023-жылы чийилген башкы планына мечит болуп кирбей калгандыктан, Кара-Суу айылынын башкы планына мечит кылып киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жакыпакун уулу |
|