Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылыш
кезектеги XXIX сессия
2026-жылдын 27-августундагы №9
«Манас шаарынын аймагындагы жеке менчик жер тилкени муниципалдык менчикке алмашуу жолу менен өткөрүп алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 21-августундагы чыг.№01-18/5756 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын 21.08.2026-жылдагы отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарынын Эшме айылындагы Т.Доорановага таандык 528,5 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алып, Эшме айылында жайгашкан муниципалдык жер тилкеден 528,5 чарчы метр аянтын бөлүп, эски сарайы менен Т.Дооранованын жеке менчигине алмашуу жолу менен өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Манас шаарынын мэрине (У.Исмаилов), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жер тилкени өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Талант уулу А. |