Редакцияот 27.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Манас шаардык кеңешинин  X чакырылыш

кезектеги XXIX сессия

 

  2026-жылдын 27-августундагы №10

 

«Манас шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкени оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жѳнүндѳ»

 

 Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 26-августундагы чыг.№01-18/5880 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Манас шаарынын Б.Аттокуров көчөсүнүн №66/5 дарегинде жайгашкан муниципалдык 881,0 чарчы метр жер тилкеден (идентификациялык коду 3-10-10-1007-4148) 600,0 чарчы метр жер тилкени бөлүп Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын техникалык багыттагы борбору мамлекеттик ишканасына оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Манас шаарынын мэрине (У.Исмаилов), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жерлерди оперативдүү башкарууга берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

  

Талант уулу А.