Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-августу № 563
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 14-мартындагы № 131 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик
билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 9, 36-беренелерин, «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесин ишке ашыруу, сапаттуу жалпы билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, инклюзивдик билим берүүнүн принциптерин киргизүү, ошондой эле майыптыгы бар билим алуучулардын билим алуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 131 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун биринчи абзацындагы «билим берүү жана илим» деген сөздөр «агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартында:
– 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи, жыйырма үчүнчү жана жыйырма төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
«ыңгайлаштырылган билим берүү программасы (ЫБП) – майыптыгы бар (же) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулардын белгилүү бир категориясынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен предметтик стандарттардын негизинде иштелип чыккан, класстын же топтун деңгээлинде ишке ашырылуучу, билим берүү натыйжаларына жетишүүнү жеткиликтүү формада камсыз кылууга багытталган билим берүү программасы;
ыңгайлаштырылган жекече билим берүү программасы (ЫЖБП) – конкреттүү билим алуучу үчүн анын майыптыгын жана (же) өзгөчө билим берүү муктаждыктарын, жекече өзгөчөлүктөрүн, ден соолугунун абалын жана адистердин сунуштамаларын эске алуу менен предметтик стандарттардын негизинде иштелип чыккан, билим алуучунун билим берүү натыйжаларына жетишүүсүн жеткиликтүү формада камсыз кылууга багытталган билим берүү программасы;
ассистивдик технологиялар – майыптыгы же өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар адамдарга башка билим алуучулар менен бирдей билим алууга жардам берген атайын техникалык каражаттар, программалык камсыздоо, түзүлүштөр жана инструменттер.»;
– 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
«11) өнүгүүсүндөгү бузулуунун тибин жана даражасын эске алуу менен өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулар үчүн дифференцияланган жана ыңгайлаштырылган билим берүү процессин камсыз кылуу.»;
– 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«16. Майыптыгы жана (же) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулар үчүн төмөнкүлөр иштелип чыгат жана ишке ашырылат: