Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары,
айыл чарба жана кайра иштетүү
өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 05/2-17/264 буйругуна)
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында жүзөгө ашырылуучу ветеринардык контролду уюштуруу үчүн зарыл болгон имараттарды, жайларды жана курулмаларды жабдууга жана техникалык жактан камсыздоого карата
типтүү талаптар
Ушул Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында жүзөгө ашырылуучу ветеринардык контролду уюштуруу үчүн зарыл болгон имараттарды, жайларды жана курулмаларды жабдууга жана техникалык жактан камсыздоого карата типтүү талаптар (мындан ары – Типтүү талаптар) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында (мындан ары – өткөрүү пункттары) жайгашкан чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктарынын (мындан ары – ЧВКП) имараттарын, жайларын жана курулмаларын жабдууга жана техникалык камсыздоого карата бирдиктүү талаптарды белгилейт, ошондой эле уюштуруучулук, эпизоотияга каршы жана ветеринардык-санитардык иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон имараттардын, жайлардын, курулмалардын жана материалдык-техникалык каражаттардын тизмегин аныктайт.
Көрсөтүлгөн иш-чаралар чет мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын кирип кетишин жана жайылышын алдын алууга, ошондой эле ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген же ветеринардык-санитардык жактан коркунуч туудурган жаныбарлардан алынган продукциянын жана тоюттардын Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинишине жол бербөөгө багытталган.
1 бөлүм. Жалпы жоболор
1. Чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пункттарынын (ЧВКП) кызматтык жайларынын саны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү жүк агымдарынын интенсивдүүлүгүнө, мал чарба продукциясынын, тоюттардын (мындан ары – көзөмөлдөгү продукция), жана жаныбарлардын көлөмүнө ошондой эле мамлекеттик ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыгынын ЧВКПда иш алып барган түзүмдүк бөлүмүнүн штаттык санына жараша аныкталууга тийиш.
ЧВКПнын кызматтык жайларынын типтүү тизмеси ушул Типтүү талаптардын 1-тиркемесинде келтирилген.
2. Өткөрүү пунктунда уюштуруучулук, эпизоотияга каршы жана ветеринардык-санитардык иш-чаралардын комплексин жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн төмөнкү курулмалар жана техникалык каражаттар каралууга тийиш:
– ЧВКПнын имараттар комплекси;
– автотранспорт каражаттарынын түбүн, жүрүүчү бөлүгүн жана ветеринардык-санитардык жактан иштетүү үчүн дезинфекциялык-жуугуч блоктору;
– көзөмөлгө алынуучу продукцияны ыкчам түшүрүүнү жана жүктөөнү камсыз кылуучу механизмдер менен жабдылган текшерип кароочу эстакадалары (атайын терминалдар);
– санитардык токтотмо жайы же аянтча.
3. ЧВКПнын аймагындагы имараттарды, курулмаларды жана техникалык каражаттарды жайгаштыруу жаныбарлардын жана көзөмөлгө алынган продукциялардын ташылып келе жаткан жана ташылып чыгып жаткан көзөмөлгө алынган продукциялардын жолдорун кесип өтпөй, эркин жүрүүсүн камсыз кылууга тийиш.
4. ЧВКПнын кирүүчү, унаа жүрүүчү жолдору, жөө адамдар үчүн жолдору, ошондой эле жүктөө-түшүрүү аянтчалары чаң пайда кылбагандай, тегиз, суу өткөрбөгөн, жууп-тазалоого жана дезинфекциялоого ыңгайлуу катуу катмарга ээ болууга, ошондой эле жаан-чачын, кар эриген жана жууп-тазалоодон чыккан сууларын канализацияга агызуучу, таза суу кетирүү тутуму менен камсыз болууга тийиш.
5. ЧВКПлар өткөрүү пунктунун үзгүлтүксүз иштешин бузбастан, аны мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен комплекстүү түрдө жабдылууга тийиш. Өткөрүү пункттарын куруу (реконструкциялоо) боюнча долбоордук документацияда ветеринардык контролду жүргүзүү үчүн техникалык жактан эң заманбап жана өркүндөтүлгөн жабдууларды колдонуу каралууга тийиш.
6. Транспорт каражаттарына, көзөмөлгө алынуучу продукцияга жана жаныбарларга ветеринардык контролду жүргүзүү үчүн ЧВКПда орнотулуучу технологиялык жабдуулардын саны жана аларды жайгаштыруу орундарын ар бир өткөрүү пунктунун жумушчу долбоорлоо этабында такталат.
2-глава. ЧВКПнын жайлар комплексине карата талаптар
7. ЧВКПнын имараттар комплекси борборлоштурулган суу менен камсыздоо, жылуулук берүү жана канализация системалары, телефондук жана электрондук байланыш, интернет жана видеобайкоо менен камсыз болууга тийиш.
ЧВКПнын имараттары абаны кондициялоо системасы, өрткө каршы сигнализация системасы жана өрт өчүрүү каражаттары, өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда кабарлоо системасы, ошондой эле башка адамдардын кирип кетүүсүнөн коргоону камсыздоочу заманбап коргоо каражаттары менен жабдылууга тийиш.
Имараттардын жарыктандыруусу санитардык эрежелерге жана ченемдерге ылайык болушу керек.
ЧВКПнын имараттарына кире бериши ЧВКПнын аталышы, ведомстволук таандыктыгы, иш режими, байланыш телефондору жана ЧВКПнын курамына кирген ветеринария боюнча аймактык башкармалыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтык такталар орнотулууга тийиш.
Ошондой эле жайларда төмөнкү маалыматтарды камтыган маалыматтык стенддер жайгаштырылууга тийиш:
– кайрылуучулар өздөрүн кызыктырган маалыматтарды ала турган ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – ветеринария боюнча орган) түзүмдүк бөлүмдөрүнүн телефондору жана интернет-сайттарынын даректери;
– ЧВКПнын кызматкерлеринин ишин жөнгө салуучу ченемдерди камтыган мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын көчүрмөлөрү (үзүндүлөрү).
8. ЧВКПнын имараттар комплекси төмөнкүлөрдөн турушу керек:
– ыкчам багыттагы жайлар;
– атайын багыттагы жайлар;
– тиричиликтик (чарбалык) багыттагы бѳлмѳлѳр. Көрсөтүлгөн жайлар бирдиктүү блоктун курамында жайгашышы мүмкүн.
9. Ыкчам багыттагы бѳлмѳлѳр ЧВКПнын кызмат адамдарынын ветеринардык коштоочу документтерди тариздөө жана көзөмөлгө алынуучу продукцияны жана транспорт каражаттарын текшерип кароодон өткөрүү боюнча кызматтык милдеттерин түздөн-түз аткаруусун уюштуруу үчүн арналат.
Ыкчам багыттагы жайлар мамлекеттик контролдоо органдарын жайгаштыруу үчүн жалпы имараттардын курамында компакттуу жайгаштырылууга тийиш. Жайлардын жалпы саны жана өлчөмү белгилүү бир ЧВКП үчүн пландалган көзөмөлгө алынуучу продукциянын өткөрүү көлөмүнө жана ЧВКПда иш жүргүзгөн ветеринария боюнча органдын аймактык органынын түзүмдүк бөлүмүнүн штаттык санына жараша аныкталат. Жумуш орундардын саны жайлардын пландаштырылышын эске алуу менен белгиленет (бир жумуш ордуна 9 чарчы метр).
Ыкчам багыттагы жайлар ушул Типтүү талаптардын 2-тиркемесине ылайык ЧВКПны жабдуу мүлкүнүн тизмесине ылайык эмерек менен жабдылууга тийиш, ошондой эле телефондук жана электрондук байланыш, факсимилдик аппарат, кызматтык документтерди, мөөрлөрдү жана штамптарды сактоо үчүн металл шкаф жабдылууга тийиш. Жайлар жылуулук менен камсыздалып, мажбурлап желдетүү системасы же кондициялоо менен жабдылууга тийиш.
10. Атайын жайлар төмөнкүлөр үчүн арналат:
– жаныбарларды жана көзөмөлгө алынуучу продукцияны кароодон өткөрүү үчүн;