Редакцияот 27.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 27-августу № 586

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин

иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгына, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-декабрындагы № 705 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жободо:

– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүүнү, мыйзамдардын жана кызматтык тартиптин сакталышын үзгүлтүксүз контролдоону, ошондой эле баш ийген кызматкерлердин аракеттери (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчилик тартууну.».

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 104 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаевич Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы» мекемесинин уставын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаевич Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы» мекемесинин уставында:

– 1-пунктта «билим берүүчү» деген сөздөрдөн кийин «адистештирилген» деген сөз менен толукталсын;

– 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«20. Академиянын түзүмүнө ректорат, кафедралар, бөлүмдөр, эл аралык мамилелерди талдоо борбору жана Академиянын ишин жүзөгө ашырууну камсыз кылган башка түзүмдүк бөлүмдөр кирет.»;

– 65-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«65. Административдик-башкаруу персоналынын курамына төмөнкүлөр кирет: ректор, проректор, бөлүмдөрдүн жетекчилери, эл аралык мамилелерди талдоо борборунун директору, ошондой эле штаттык расписаниеде каралган башка жетекчи кызмат орундары.»;

– 67-пунктта «проректорлору», «орундарына» деген сөздөр «проректору», «ордуна» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 75-пунктта:

он үчүнчү абзацта «проректорлоруна» деген сөз «проректоруна» деген сөзгө алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи, он тогузунчу абзацтар менен толукталсын:

«– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Уставга, Академиянын Окумуштуулар кеңешинин чечимдерине ылайык келбеген учурда же аларды колдонуу зарылдыгы жоголгон учурда мурда чыгарылган буйруктарды жана тескемелерди толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгарууга (күчүн жоготту деп таанууга) укуктуу;

– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, Академияда мыйзамдардын жана эмгек тартибинин сакталышын үзгүлтүксүз контролдоону камсыз кылуу аркылуу кызматкерлердин аракеттери (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчилик тартат;»;

– 76-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«76. Академиянын ректору жок болгон кезде анын милдеттерин аткаруу ректордун буйругу менен Академиянын проректоруна жүктөлөт.»;

– 77-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«77. Академиянын Окумуштуулар кеңеши Академияны башкаруунун жогорку коомдук-кесиптик органы болуп саналат.»;

– 79-пункттун алтынчы абзацында «проректорлорунун бири» деген сөздөр «проректору» деген сөзгө алмаштырылсын;

– 81-пункттун экинчи абзацында «проректорлорунун» деген сөз «проректорунун» деген сөзгө алмаштырылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-августундагы № 65 (3825) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев