Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-августу № 7
Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулмурзаевдин 2026-жылдын алты айынын жыйынтыгына карата алты ай ичинде аткарган иштери жана 2026-жылдын бюджетинин алты ай ичинде киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын кароо жөнүндө
Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулмурзаевдин Бирлик айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын алты айында аткарган иштеринин жыйынтыгы жана бюджеттин аткарылышы боюнча отчеттук баяндаманы угуп, талкуулап, Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулмурзаевдин Бирлик айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын алты айында аткарган иштеринин жыйынтыгы жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө берилген алты айлык отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2.Сессияда депутаттардын сунушу менен берилген протоколдук тапшырмаларды аткаруу Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулмурзаевге жүктөлсүн.
3.Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтом Бирлик айылдык кеңешинин www.birlik.gov.kg/admin/ сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары С.Каламовго жүктөлсүн.
Тѳрага Н.Гафуров | О |