Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
13-сессиясы
2026-жылдын 17-августу № 8
Бирлик айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 8-июлундагы №819 сандуу аймакта көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо наркын токтом менен бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуу катты кароо.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” 2025-жылдын 19-августундагы №502 токтомунун талаптарын аткаруу алып, Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары М.Айтматовдун 2026-жылдын 27-январындагы протоколдук тапшырмасына ылайык бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Бирлик айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Бирлик айыл аймагында көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо наркы бир жылга 550 (беш жүз элүү) өлчөмүндө белгиленсин.
2.Токтомду аткарылышын камсыз кылуу жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулмурзаевге жүктөлсүн.
3.Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтом Бирлик айылдык кеңешинин www.birlik.gov.kg/admin/ сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары С.Каламовго жүктөлсүн.
Төрага Н.Гафуров |
А.Анаркулов |