Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-августу № 9
Бирлик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Бирлик айылдык кеңешинин депутаты А.Таджиевдин баяндамасын угуп, талкуулап, социалдык өнүгүү, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 7-августундагы №4 корутундусунун негизинде, Бирлик айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Бирлик айыл аймагынын Айдаркен шаарынын тургуну Сарыбаева Алима Нурдуновнага айыл өкмөттүн аймагында эмгеги сиңген, ар кандай маданий иш-чараларды активдүү уюштургандыгын эске алып Бирлик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2.Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүп тапшыруу жагы Бирлик айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтом Бирлик айылдык кеңешинин www.birlik.gov.kg/admin/ сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айылдык Кеңешинин социалдык өнүгүү, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Гафуров |