Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июлу № 67/ХIX-2
Кайыңды шаардык кеңешинин атынан Кыргыз Республикасынын сот органдарына административдик доо арыз берүү жөнүндө
Автостанциянын жер тилкесине укукту ырастаган документтердин реквизиттеринде кетирилген техникалык каталарды жана дал келбестиктерди четтетүү максатында, ошондой эле 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Кайыңды шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын 1997-жылдын 31-мартындагы № 108 «О выделении земельного участка общей площадью 0,11 га под автовокзал» токтомунун негизинде берилген, ОАО «Каиндаунааишканасы» ишканасынын 2005-жылдын 23-июнундагы сериясы Ч № 46862 (каттоо номери № 714, идентификациялык коду: 7-07-02-0001-0902) жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актысын берилген учурунан тартып жараксыз деп таануу тууралуу Кайыңды шаардык кеңешинин атынан Кыргыз Республикасынын сот органдарына административдик доо арыз берүү боюнча соттук өндүрүш демилгеленсин, жайгашкан дареги: Кайыңды ш., А. Осмонов (60 лет Октября) көч., б/н.
2. Бардык сот органдарында Кайыңды шаардык кеңешинин кызыкчылыктарын коргоо жана доогердин бардык процессуалдык укуктары менен сотто иш алып баруу жагы Кайыңды шаарынын мэриясынын Жер-укуктук жана турак жай маселелери боюнча секторунун башчысы С.У. Кошоевге тапшырылсын. Соттук өндүрүштү жүргүзүүгө (анын ичинде мамлекеттик алымды төлөөгө) байланышкан бардык чыгымдар Кайыңды шаарынын мэриясынын каржы жана экономика бөлүмүнө (ФЭО) жүктөлсүн.
3. Кайыңды шаардык кеңешинин 2026-жылдын 03-июлундагы № 65/XVIII–4 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж. Н. Капалов |