Загрузка документа…
4-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетине караштуу
Жер ресурстары, кадастр, геодезия
жана картография боюнча
мамлекеттик агенттигинин
2026-жылдын 24-августундагы
№ 10-1/245 буйругуна)
Мейкиндик дайындарынын топтомдоруна жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун жана Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун материалдарын берүүнүн
тартиби
1. Ушул Тартип мейкиндик дайындарынын топтомдоруна жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун жана Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун материалдарын берүүнүн тартибин аныктайт.
2. Мейкиндик дайындарынын топтомдоруна жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну жана Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун материалдарын берүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Мамкартография» геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси (мындан ары – Мамкартография) жүзөгө ашырат.
3. Мейкиндик дайындарынын топтомдоруна жеткиликтүүлүк геосервистер аркылуу же ушул Тартипке ылайык пайдалануучуларга мейкиндик дайындарын берүү жолу менен камсыз кылынат.
4. Мамкартография менен пайдалануучулардын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүү мейкиндик дайындарынын инфратүзүмүнүн мамлекеттик геопорталы аркылуу жүзөгө ашырылат.
5. Мейкиндик дайындарынын топтомдоруна жеткиликтүүлүк төмөнкү режимдерде жүзөгө ашырылат:
-ачык жеткиликтүүлүк;
-чектелген жеткиликтүүлүк.
6. Ачык жеткиликтүүлүк режиминде пайдалануучуларга ачык мейкиндик дайындарынын топтомдору, метадайындар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жеткиликтүүлүгү чектелбеген башка маалыматтар берилет.
7. Чектелген жеткиликтүүлүк режиминде мейкиндик дайындарын алуу үчүн пайдалануучу Мамкартографияга төмөнкүлөрдү камтыган суроо-талап жөнөтөт:
- арыз ээси жөнүндө маалыматтарды;
-мейкиндик дайындарын пайдалануунун максатын;
-мейкиндик дайындары суралып жаткан аймак жөнүндө маалыматтарды;
-зарыл болгон мейкиндик дайындарынын тизмегин.
8. Топографиялык-геодезиялык, картографиялык жана башка иштерди аткаруу үчүн мейкиндик дайындарын берүү зарыл болгон учурда Мамкартография материалдарды жана маалыматтарды даярдоо үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды талап кылууга укуктуу.
9. Мейкиндик дайындарын берүү же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте Мамкартография тарабынан кабыл алынат.
10. Мейкиндик дайындары жана Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун материалдары геосервистер аркылуу же санариптик маалыматтарды берүү жолу менен электрондук формада берилет.
11. Мейкиндик дайындарын берүү форматтары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, мамлекеттик стандарттардын жана техникалык регламенттердин талаптарын эске алуу менен Мамкартография тарабынан аныкталат.
12. Жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды камтыган мейкиндик дайындарын берүү мамлекеттик сырларды жана мыйзам менен корголуучу башка маалыматтарды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
13. Пайдалануучулар алынган мейкиндик дайындарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана аларды берүү шарттарына ылайык пайдаланууга милдеттүү.
14. Алынган мейкиндик дайындарын үчүнчү жактарга берүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жол берилет.
15. Мамкартография берилген мейкиндик дайындарынын эсебин жүргүзүүнү, маалыматтын корголушун жана маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылат.