Загрузка документа…
3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетине караштуу
Жер ресурстары, кадастр, геодезия
жана картография боюнча
мамлекеттик агенттигинин
2026-жылдын 24-августундагы
№ 10-1/245 буйругуна)
Кыргыз Республикасынын Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун маалыматтарын түзүүнүн, жыйноонун, сактоонун, пайдалануунун жана берүүнүн эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун (мындан ары – Фонд) маалыматтарын түзүүнүн, чогултуунун, сактоонун, пайдалануунун жана берүүнүн тартибин аныктайт.
2. Фондду түзүү жана жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Мамкартография» геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси (мындан ары – Мамкартография) тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Фонд мамлекеттик, муниципалдык, ошондой эле жеке менчикте турган геодезия, картография жана мейкиндик дайындары чөйрөсүндөгү материалдарды жана маалыматтарды камтыйт.
2-глава. Фонддун материалдарын жана маалыматтарын түзүү жана чогултуу
4. «Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында геодезиялык жана картографиялык иштерди жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондуна материалдардын жана маалыматтардын электрондук варианттарын акысыз берүүгө милдеттүү.
5. Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды камтыган материалдар жана маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
6. Фондго материалдарды жана маалыматтарды берүү электрондук алып жүрүүчүлөрдө же маалыматтык тутумдар жана маалыматтарды берүүнүн башка электрондук каналдары аркылуу жүзөгө ашырылат.
7. Материалдар жана маалыматтар төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен берилет:
1) иштерди аткаруучун;
2) иштердин тапшырыкчысын;
3) келишимдин номерин жана датасын;
4) иштердин түрүн жана аткарылган районун;
5) координаттардын жана бийиктиктердин тутумун;
6) масштабын;
7) иштер объектисинин аянтын;
8) иштерди аткаруу мезгилин.
8. Фондго төмөнкүлөр берилүүгө тийиш:
1) техникалык отчеттор;
2) координаттардын жана бийиктиктердин каталогдору;
3) аэросүрөткө тартуунун жана космостук сүрөткө тартуунун материалдары;
4) GNSS-байкоолорунун маалыматтары;
5) топографиялык-геодезиялык иштердин натыйжасы боюнча алынган картографиялык материалдар;
6) геодезия, картография жана мейкиндик дайындары чөйрөсүндөгү башка материалдар жана маалыматтар.
3-глава. Фонддун материалдарын жана маалыматтарын сактоо
9. Фонддун материалдарын жана маалыматтарын эсепке алуу жана сактоо Мамкартография жана фондду кармоочу уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
10. Фондду кармоочу уюмдар өздөрүндө сакталган Фонддун материалдарын жана маалыматтарын эсепке алууну, сактоону жана алардын сакталышын камсыз кылууну жүзөгө ашырышат, ошондой эле алар жөнүндө маалыматтарды Мамкартографияга беришет.
11. Фонддун кагаз алып жүрүүчүлөрдөгү геодезиялык, топографиялык жана картографиялык материалдары атайын жабдылган жайларда түзүлүүгө, системалаштырылууга, эсепке алынууга жана сакталууга тийиш.
12. Фонддун геодезиялык, топографиялык жана картографиялык материалдары Фонддун электрондук эсепке алуу тутумунда катталууга жана сакталууга тийиш.
13. Мамлекеттик менчик болуп саналган Фонддун материалдарын жана маалыматтарын эсепке алуу жана сактоо мамлекеттик менчик болуп саналбаган материалдардан жана маалыматтардан өзүнчө жүргүзүлөт.
14. Мамкартография Фонддун материалдарын жана маалыматтарын эсепке алуунун жана сактоонун бирдиктүү тартибин камсыз кылат.
4-глава. Фонддун материалдарын жана маалыматтарын пайдалануу
15. Фонддун материалдары жана маалыматтары мамлекеттик бийлик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, юридикалык жана жеке жактарды геодезиялык, картографиялык жана мейкиндиктик маалыматтар менен камсыз кылуу үчүн пайдаланылат.
16. Фонддун материалдарынын жана маалыматтарынын түп нускаларын берүү жана алып коюуга жол берилбейт.
17. Фонддун материалдары жана маалыматтары пайдалануучуларга көчүрмөлөр же көчүрмөдөн үзүндү түрүндө келишимдик негизде берилет.
18. Фонддун материалдарын жана маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү, ошондой эле аларды көчүрүүгө тиешелүү материалдар жана маалыматтар карамагында турган мамлекеттик органдын уруксаты менен гана жол берилет.
19. Мамкартография төмөнкүлөргө байланыштуу чыгымдардын ордун жабуу үчүн төлөм алат:
1) мейкиндик дайындарын түзүүгө жана сактоого;
2) материалдарды жана маалыматтарды тандоого;
3) материалдардын жана маалыматтардын көчүрмөлөрүн даярдоого;
4) материалдарды жана маалыматтарды жеткирүүгө.
20. Чыгымдардын ордун жабуу үчүн төлөмдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипке ылайык аныкталат.
21. Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды, ошондой эле жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды камтыган Фонддун материалдары жана маалыматтары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
5-глава. Фонддун материалдарын жана маалыматтарын берүү тартиби
22. Фонддун материалдарын жана маалыматтарын мамлекеттик органдарга, юридикалык жана жеке жактарга берүү белгиленген тартипте бекитилген «Топографиялык-геодезиялык, сүрөткө тартуу жана картографиялык иштер боюнча материалдарды берүү» мамлекеттик кызматынын административдик регламентине ылайык жүзөгө ашырылат.
23. Фонддун материалдарын жана маалыматтарын берүү мөөнөтү суралган материалдардын жана маалыматтардын көлөмүнө жараша арыз же суроо-талап катталган күндөн тартып 5 жумуш күндөн ашпоого тийиш.
24. Чыгымдардын ордун жабуу үчүн төлөмдүн өлчөмү белгиленген тартипте бекитилген топографиялык-геодезиялык, сүрөткө тартуу жана картографиялык иштер боюнча материалдарга карата тарифтердин (баалардын) прейскурантына ылайык аныкталат.
25. Мамлекеттик органдарга Фонддун материалдары жана маалыматтары акысыз берилет.
26. «Жашыруун» жана «Кызматтык пайдалануу үчүн» деген грифи бар маалыматтарды камтыган Фонддун материалдары жана маалыматтары мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
27. Фонддун материалдарын жана маалыматтарын алуу үчүн арыз ээси төмөнкүлөрдү берет:
1) арыз –жеке жактар үчүн;
2) суроо-талап кат– юридикалык жактар үчүн;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда чыгымдардын ордун жабуу үчүн төлөм жүргүзүлгөндүгүн ырастоочу документтер.
28. Арыз же суроо-талап кат Мамкартография тарабынан белгиленген тартипте катталууга тийиш.
29. Арызды же суроо-талап катты карап чыккандан кийин Мамкартография:
1) суроо-талапты текшерет;
2) Фонддун материалдарын жана маалыматтарын тандайт;
3) материалдарды жана маалыматтарды берүү үчүн зарыл болгон документтерди тариздейт;
4) материалдарды жана маалыматтарды өтүнмө ээсине берет же жүйөлүү баш тартууну жөнөтөт.
30. Фонддун материалдарын жана маалыматтарын берүүдөн баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) документтердин толук эмес пакетинин берилиши;
2) Фонддо суралган материалдардын жана маалыматтардын жок болушу;
3) материалдарга жана маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер.
31. Фонддун материалдарын жана маалыматтарын берүү кол коюу аркылуу же маалыматтык тутумдар жана маалыматтарды берүүнүн башка электрондук каналдары аркылуу жүзөгө ашырылат.
6-глава. Корутунду жоболор
32. Ушул Эрежелердин талаптарынын сакталышына контроль Мамкартография тарабынан жүзөгө ашырылат.
33. Ушул Эрежелердин талаптарын бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
34. Ушул Эрежелер менен жөнгө салынбаган маселелер геодезия, картография жана мейкиндик дайындары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.