Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетине караштуу Жер ресурстары,
кадастр, геодезия жана картография
боюнча мамлекеттик агенттигинин
2026-жылдын 24-августундагы
№ 10-1/245 буйругуна)
Геодезиялык жана картографиялык иштерди жүргүзүү
жөнүндө билдирүү берүү
ТАРТИБИ
1- глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Мамкартография» геодезия жана картография мамлекеттик мекемесине (мындан ары – Мамкартография) Кыргыз Республикасынын аймагында геодезиялык, картографиялык жана аэросүрөткө тартуу иштерин жүргүзүү жөнүндө билдирүүнү берүү тартибин аныктайт.
2. Билдирүү аянты 100 гектардан ашкан геодезиялык, картографиялык жана аэросүрөткө тартуу иштерин жүзөгө ашырган юридикалык жактар, жеке ишкерлер, жеке жактар, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилет.
3. Билдирүү тиешелүү иштер башталганга чейин, ушул Тартипте каралган ыкмалардын бири менен берилет.
2-глава. Билдирүүнү берүү ыкмалары
4. Электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу билдирүү берүү
1) Бирдиктүү «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү тутумуна кошулган мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук карамагындагы уюмдар билдирүүнү расмий электрондук документ түрүндө электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу жөнөтүшөт.
2) Билдирүүгө жетекчинин же ыйгарым укуктуу кызмат адамынын электрондук санариптик кол тамгасы менен кол коюлат.
3) Мейкиндик дайындары, координаттар каталогу жана иштер жүргүзүлүүчү аймактын картограммасы документтин каттоо карточкасына PDF, TXT жана Excel форматтарында тиркелет.
5. Билдирүү Kyrgyzmap.kg геопорталынын жеке кабинети аркылуу берилет.
1) Билдирүү Kyrgyzmap.kg геопорталынын жеке кабинети аркылуу электрондук формада берилиши мүмкүн.
2) Колдонуучуларды авторлоштуруу геопорталда катталган жергиликтүү эсептик жазуу (логин жана сырсөз) аркылуу жүргүзүлөт.
3) Иштер жүргүзүлүүчү аймактын чек аралары төмөнкү жолдор менен киргизилет:
- SHP, DXF, KML же GeoJSON форматтарындагы вектордук файлдарды жүктөө аркылуу;
- геопорталдын интерактивдүү картасында иштер жүргүзүлүүчү участоктун чек араларын өз алдынча түшүрүү аркылуу.
6. Электрондук почта аркылуу билдирүү берүү
1) Билдирүү «Мамкартография» ММ – geodes@elcat.kg расмий электрондук почта дарегине жөнөтүлүшү мүмкүн.
2) Билдирүү жана тиркемелер PDF форматында жөнөтүлөт.
3) Координаттар каталогу тексттик же таблицалык форматта тиркелет.
7. Жазуу жүзүндө билдирүү берүү
1) Билдирүү төмөнкү жолдор менен берилиши мүмкүн:
- «Мамкартография» ММ концеляриясы аркылуу колмо-кол берүү жолу менен;
- почта байланышынын оператору аркылуу тиркемелердин тизмеси көрсөтүлгөн тапшырык кат менен жөнөтүү жолу боюнча.
2) Билдирүү белгиленген форма боюнча кагаз жүзүндө таризделет.
3) Билдирүүгө иштер жүргүзүлүүчү аймактын схемасы (картограммасы) кагаз түрүндө тиркелет.
8. Билдирүүнү каттоо «Мамкартография» ММ келип түшкөн күндөн тартып 1 (бир) жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
3-глава. Билдирүүдө камтылган маалыматтардын минималдуу тизмеси
9. Берүү ыкмасына карабастан, билдирүү төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
Иштерди аткаруучу жөнүндө маалыматтар:
- юридикалык жактар үчүн – уюмдун толук аталышы, ИСН, юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги, байланыш телефону, электрондук почта дареги;
- жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн – фамилиясы, аты, атасынын аты , ИСН, жашаган дареги, байланыш телефону, электрондук почта дареги.
10. Иштерди жүргүзүүнүн негизи:
- иштердин тапшырыкчысы жөнүндө маалыматтар;
- келишимдин, мамлекеттик контракттын, техникалык тапшырманын же иштерди аткарууга негиз болгон башка документтин реквизиттери.
11. Пландалган иштердин түрү:
- геодезиялык иштер;
- картографиялык иштер;
- аэрофототартуу иштери.
12. Иштердин объектисинин мейкиндиктик параметрлери:
- иштер жүргүзүлүүчү аймактын административдик-аймактык таандыктыгы (облус, район, калктуу конуш);
- CK Kyrg-06 мамлекеттик координаттар тутумунда же WGS-84 эл аралык координаттар тутумунда иштер жүргүзүлүүчү аймактын чек араларынын бурулуш чекиттеринин координаттарынын каталогу;
- иштер жүргүзүлүүчү аймактын жалпы аянты гектар менен.
13. Иштердин техникалык параметрлери:
- картографиялык материалдардын пландалган масштабы;
- рельефтин кесилишинин бийиктиги;
-иштердин башталышынын жана аякташынын болжолдуу мөөнөттөрү.
4-глава. Корутунду жоболор
14. «Мамкартография» ММ иштер жүргүзүлүүчү аймакты идентификациялоо үчүн берилген маалыматтар жетишсиз болгон учурда кошумча материалдарды жана маалыматтарды талап кылууга укуктуу.
15. Толук эмес же анык эмес маалыматтарды камтыган билдирүүнүн берилиши билдирүүнү кароосуз кайтаруу үчүн негиз болуп саналат.
16. Билдирүү ушул Тартипте белгиленген тартипте катталгандан кийин кабыл алынган болуп эсептелет.
Геодезиялык жана картографиялык
иштерди жүргүзүү
жөнүндө билдирүү берүү
тартибине
Геодезиялык, картографиялык жана аэросүрөткө тартуу иштерин жүргүзүү жөнүндө
БИЛДИРҮҮНҮН ФОРМАСЫ
«Мамкартография» мамлекеттик мекемесинде
(Юридикалык жактын толук аталышы же фамилиясы, аты, атасынын аты (жеке адам /жеке ишкер үчүн)
2. Уюштуруу-укуктук формасы
☐ мамлекеттик мекеме ☐ мамлекеттик ишкана ☐ акционердик коом ☐ жоопкерчилиги чектелген коом ☐ жеке ишкер ☐ жеке адам ☐ башка _____________________________________
3. ИСН / ОКПО коду
4. Юридикалык дареги
5. Иш жүзүндөгү дареги
6. Байланыш телефону
7. Электрондук почта дареги
8. Жетекчинин фамилиясы, аты, атасынын аты
9. Жооптуу аткаруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты
1. Иштердин (долбоордун) аталышы
2. Иштерди тапшырыкчынын аталышы
3. Иштерди жүргүзүүнүн негизи (келишим, мамлекеттик тапшырма, техникалык тапшырма ж.б.).
4. Иштин түрлөрү
☐ геодезиялык иштер ☐ картографиялык иштер ☐ аэрофототартуу иштери ☐ мейкиндик дайындарын түзүү ☐ мейкиндик дайындарын жаңылоо ☐ жерди аралыктан зонддоо ☐ башка _______________________________________
5. Иштердин багыты
6. Иштер жүргүзүлүүчү аймак (облус, район, калктуу конуш)
7. Иштер жүргүзүлүүчү аймактын жалпы аянты (га)
8. Колдонулган координаттар тутуму
☐ СК Kyrg-06 ☐ WGS-84 ☐ башка _____________________________________
9. Иштер жүргүзүлүүчү аймактын чек арасынын бурулуш чекиттеринин координаттарынын каталогу
☐ Тиркелет
10. Картографиялык материалдардын масштабы
11. Рельефтин кесилиш бийиктиги
12. Колдонулган ыкмалар жана технологиялар
13. Иштерди аткаруу мөөнөтү
«___» __________ 20 ___-жылдан баштап
«___» __________ 20___ -жылга чейин
14. Иштердин болжолдонгон жыйынтыгы
☐ техникалык тапшырма ☐ иштер жүргүзүлүүчү аймактын схемасы (картограммасы) ☐ координаттар каталогу ☐ мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү ☐ санариптик материалдар ☐ метадайындар ☐ уруксат берүүчү документтер ☐ башка документтер ___________________________________
Берилген маалыматтардын тууралыгын тастыктайм жана геодезия, картография жана мейкиндиктик маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттенем.
Жетекчи / ыйгарым укуктуу адам
Ф.А.А. ___________________________________________
Колу_____________________
Датасы «___» __________ 20___ -ж.
М.О. (болсо)
1. Билдирүү геодезиялык, картографиялык жана аэрофототартуу иштерин аткаруу башталганга чейин берилет.
2. Геодезиялык жана картографиялык иштерди жүргүзүү жөнүндө билдирүү берүү тартибинин талаптарынан четтөө максатында иштердин аймагын жасалма түрдө бөлүүгө жол берилбейт.