Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 11-августундагы № 13-21-10 буйругуна 1- тиркеме
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АВИАЦИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ-16 «Айлана-чөйрөнү коргоо»
1-том. Авиациялык үн (ызы-чуу)
1-бап. Аныктамалар, терминология: шарттуу белгилер жана чен бирдиктери
§ 1. Аныктамалар жана терминдер
Тик учак - абадан оор учуучу аппарат, ал негизинен абанын бир же бир нече көтөрүүчү винттер менен болгон реакцияларынын эсебинен абада кармалып турат, алар кыймылдаткычтын жардамы менен болжол менен вертикалдуу абалда жайгашкан октордун айланасында айланат.
Тышкы жабдуу (тик учактын) - тик учакка бекитилген же анын сырткы бетинен чыгып турган, бирок тик учакты иштетүүдө же учуу учурунда башкарууда колдонулбаган же колдонууга арналбаган жана планердин же кыймылдаткычтын бөлүгү болуп саналбаган ар кандай аспап, механизм, бөлүк, түзүлүш, кошумча шайман же көмөкчү агрегат.
Аба кемеси - жер же суу бетинен чагылдырылган аба менен өз ара аракеттенүүсүн кошпогондо, аба менен өз ара аракеттенүүсүнүн эсебинен атмосферада кармалып турган ар кандай аппарат.
Бурулма көтөрүүчү винттүү аба кемеси — бул көтөрүлүү күчүн жогорулатуу тутумуна ээ, вертикалдык түрдө учуп чыгууга, конууга жана жай ылдамдыкта туруктуу учууга жөндөмдүү аба кемеси. Мындай учуу режимдеринде көтөрүлүү күчү негизинен бурулма гондолаларга орнотулган кыймылдаткычтар аркылуу айландырылуучу көтөрүүчү винттер менен камсыз кылынат; ал эми жогорку ылдамдыкта учуу учурунда көтөрүлүү күчү айланбаган аэродинамикалык беттер (канаттар) аркылуу жаралат.
Көтөрүлүү күчүн жогорулатуу тутуму бар аба кемеси — бул абадан оор болгон, вертикалдык түрдө учуп чыгууга, конууга жана жай ылдамдыкта учууга жөндөмдүү аба кемеси. Мындай учуу режимдеринде көтөрүлүү күчү негизинен кыймылдаткыч аркылуу ишке киргизилүүчү канаттын механизациясы же кыймылдаткычтын тартуу күчү менен камсыз кылынат; ал эми горизонталдык учуу учурунда көтөрүлүү күчү айланбаган аэродинамикалык беттердин жардамы менен жаралат.
Адамдын мүмкүнчүлүктөрү - авиациялык ишмердүүлүктүн коопсуздугуна жана натыйжалуулугуна таасир этүүчү адамдын жөндөмдүүлүктөрү жана мүмкүнчүлүктөрүнүн чектери.
Көмөкчү күч берүүчү түзүлүш (ККТ) — жерде иштөө учурунда борттогу тутумдарды электр энергиясы жана кысылган аба менен камсыз кылуучу автономдуу борттук түзүлүш.
Иштеп чыккан мамлекет — Конструкция тиби үчүн жооптуу уюмга карата юрисдикциясы бар мамлекет.
Каттоо мамлекети – аба кемеси катталган реестрге ээ мамлекет.
Үн ылдамдыгынан төмөн учуучу учак – Мах 1 санынан ашкан ылдамдыкта горизонталдык учууну аткара албаган учак.
Модификацияланган тик учак – үн (ызы-чуу) боюнча тастыктамалоодон өткөн прототипке учууга жарамдуулугу боюнча окшош, бирок анын ызы-чуу мүнөздөмөлөрүнө терс таасирин тийгизе турган конструкциялык өзгөрүүлөр киргизилген тик учак.
Модификацияланган учак варианты - бул ызы-чуу боюнча тастыктамалоодон өткөн прототипке абага жарамдуулугу боюнча окшош, бирок анын ызы-чуу мүнөздөмөлөрүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон конструкциялык өзгөртүүлөр киргизилген аба кемеси.
Мотопланер - кыймылдаткычы бар аба кемеси, анын кубаттуулугу горизонталдуу учууну камсыз кылууга жетиштүү, бирок учууга жетишсиз.
Кайра тастыктамалоо - аба кемесин алгачкы тастыктамаланган стандартынан башка стандартка ылайык келүүсү үчүн, анын ызы-чуу тастыктамасынын деңгээлин кайра карап чыгуу же карап чыкпастан тастыктамалоо.
Учак - абадан оор учуучу аппарат, кыймылдаткыч менен иштетилет, учуудагы көтөрүүчү күчү негизинен учуунун бул шарттарында кыймылсыз калган беттердеги аэродинамикалык реакциялардын эсебинен түзүлөт.
ККТ (Көмөкчү күч берүүчү түзүлүш) менен байланышкан борттук тутумдар (системалар) — жерде иштөө учурунда көмөкчү күч берүүчү түзүлүш тарабынан берилүүчү электр энергиясын жана кысылган абаны колдонгон борттук тутумдар.
Типтин тастыктамасы (учууга жарамдуулук аттестаты) – бул келишим түзүүчү мамлекет тарабынан аба кемесинин тибинин конструкциясын аныктоо жана бул конструкциянын ошол мамлекеттин учууга жарамдуулугунун тиешелүү нормаларына жооп берерин тастыктоо үчүн берилген документ.
Эскертүү: Кээ бир мамлекеттер кыймылдаткычтын же аба винтинин тиби үчүн типтин тастыктамасына эквиваленттүү документ бериши мүмкүн.
Эки контурлуулуктун даражасы - газ турбиналык кыймылдаткычтын экинчи контурундагы абанын салмактык чыгымынын, деңиз деңгээлиндеги эл аралык стандарттык атмосфера боюнча эсептелген, кыймылдаткычтын стенддеги максималдуу тартылуу күчүндөгү күйүү камераларындагы абанын салмактык чыгымына болгон катышы.
§ 2. Терминология: шарттуу белгилер жана өлчөө бирдиктери
Эскертүү: Төмөндө көрсөтүлгөн көптөгөн аныктамалар жана шарттуу белгилер конкреттүү түрдө аба кемелеринин ызы-чуу боюнча тастыктамасына тиешелүү. Кээ бир аныктамалар жана шарттуу белгилер аба кемелерин ызы-чуу боюнча тастыктамалоого тиешеси жок максаттарда да колдонулушу мүмкүн.
Ылдамдык | ||||
Шарттуу белги | Өлчөө бирдиги | Мааниси | ||
C R | м/с | Баштапкы үндүн ылдамдыгы. Баштапкы температура шарттарындагы (25ºC) үндүн ылдамдыгы. | ||
C HR | м/с | Учактын учуусунун абсолюттук бийиктигиндеги баштапкы үн ылдамдыгы. Айлана-чөйрөнүн температурасына ылайык келген баштапкы үн ылдамдыгы (температуранын өзгөрүү градиенти 100 метрге 0,650С деп болжолдонот), деңиз деңгээлинен учуунун баштапкы салыштырмалуу бийиктигиндеги стандарттуу атмосфера шарттарында. | ||
M ATR | -- | Тик учактын көтөрүүчү винтинин алдыңкы канатынын учундагы баштапкы Мах саны. Көтөрүүчү винттин канатынын учунун баштапкы айлануу ылдамдыгы менен тик учактын баштапкы ылдамдыгынын суммасы, баштапкы үн ылдамдыгына бөлүнгөнү. | ||
M H | -- | Аба винтинин канатынын учундагы Мах саны. Сыноо учурундагы аба винтинин канатынын учунун айлануу ылдамдыгынын квадраты менен сыноо учурундагы учактын аба ылдамдыгынын квадратынын суммасынын квадрат тамыры, сыноо учурундагы үн ылдамдыгына бөлүнгөнү. | ||
M HR | -- | Аба винтинин канатынын учунун баштапкы Мах саны. Аба винтинин канатынын учунун баштапкы айлануу ылдамдыгынын квадратынын жана учактын баштапкы ылдамдыгынын квадратынын суммасынын квадрат тамыры, баштапкы үн ылдамдыгына бөлүнгөн. | ||
Best R/C | м/с | Эң жогорку ылдамдыкта көтөрүлүү. Мотордун максималдуу кубаттуулугу жана максималдуу айлануу ылдамдыгы режиминде учууда бийиктиктин тастыктамаланган максималдуу ылдамдыгы. | ||
VAR | м/с | Түзөтүлгөн баштапкы ылдамдык. Стандарттуу эмес айлана-чөйрө шарттарында сыноо күнү тик учактын баштапкы ылдамдыгы, баштапкы шарттардагы баштапкы ылдамдык менен бирдей алдыга жылуучу канатынын учунун Мах санын алуу үчүн түзөтүлгөн. | ||
VCON | м/с | Өтмө режимдеги абанын максималдуу ылдамдыгы. Өтмө режимде айлануучу винттүү аба кемесинин эч качан ашпоого тийиш болгон аба ылдамдыгы. | ||
VG | м/с | Жол ылдамдыгы. Аба кемесинин жерге карата ылдамдыгы. | ||
VGR | м/с | Баштапкы жол ылдамдыгы. Баштапкы шарттарда аба кемесинин жерге карата чыныгы ылдамдыгы, жол сызыгынын багыты боюнча. VGR - бул баштапкы аба ылдамдыгынын VR горизонталдык компоненти. | ||
VH | м/с | Горизонталдык учуудагы абанын максималдуу ылдамдыгы. Номиналдык кубаттуулук режиминде учак режиминде бурулма көтөргүч винттери бар аба кемесинин горизонталдык учуудагы абанын максималдуу ылдамдыгы. | ||
VMCP | м/с | Эң жогорку иштөө аба ылдамдыгы. Бурулма көтөрүүчү винттери бар аба кемесинин атайылап ашырууга болбой турган эң жогорку иштөө чектик аба ылдамдыгы. | ||
VMO | м/с | Эч качан ашпаган аба ылдамдыгы. Атайылап ашырууга болбой турган максималдуу жумушчу чектик аба ылдамдыгы. | ||
VNE | м/с | Баштапкы ылдамдык. Аба кемесинин баштапкы шарттардагы учуунун баштапкы траекториясы багытындагы чыныгы ылдамдыгы. Эскертүү: Бул шарттуу белгини учуу учурундагы учактын (аба кемесинин) бөлүнүү ылдамдыгы үчүн колдонулган шарттуу белги менен чаташтырбоо керек. | ||
VR | м/с | Эсептелген конуу ылдамдыгы. Учактын конкреттүү конуу конфигурациясындагы ылдамдыгы, кол менен кондуруу режиминде конуу аралыгын аныктоо үчүн, ал конууда шарттуу тоскоолдуктун бийиктигинен өткөн чекитте. | ||
VREF | м/с | Токтоп калуу ылдамдыгы. Конгон абалда туруктуу учуунун минималдуу ылдамдыгы. | ||
VS | м/с | Канаттын учунун ылдамдыгы. Аба кемесинин ылдамдыгынын компоненти жок сыноо шарттарында көтөрүүчү же аба винтинин канаттынын учунун айлануу ылдамдыгы. | ||
Vtip | м/с | Канаттын учунун баштапкы ылдамдыгы. Аба кемесинин ылдамдыгынын компонентисиз баштапкы шарттарда көтөрүүчү же аба винтинин канаттынын учунун айлануу ылдамдыгы. | ||
VtipR | м/с | Эң пайдалуу көтөрүлүү ылдамдыгына туура келген ылдамдык. Учуу учурунда эң пайдалуу көтөрүлүү ылдамдыгына туура келген сыноо учурундагы аба ылдамдыгы. | ||
VY | м/с | Коопсуз учуу ылдамдыгы. Коопсуз учуу үчүн минималдуу аба ылдамдыгы. | ||
V2 | м/с | Түзөтүлгөн баштапкы ылдамдык. Стандарттуу эмес айлана-чөйрө шарттарында сыноо күнү тик учактын баштапкы ылдамдыгы, баштапкы шарттардагы баштапкы ылдамдыктагыдай эле алдыга багытталган канаттынын учтук бөлүгүнүн Мах санын алуу үчүн түзөтүлгөн тик учактын баштапкы ылдамдыгы. | ||
Убакыт | ||||
Шарттуу белги | Өлчөө бирдиги | Мааниси | ||
To | с | Баштапкы узактык. EPNLди эсептөө үчүн интегралдык теңдемеде база катары колдонулган убакыт аралыгы, мында t0 = 10 с. | ||
tR | с | Баштапкы кабыл алуу убактысы — аба кемесинин баштапкы жайгашкан ордунун убактысы жана интегралдык методикада колдонулуучу микрофон менен аба кемесинин ортосундагы аралык боюнча эсептелген баштапкы кабыл алуу убактысы.
| ||
Δt | с | Убакыттын өсүшү. Үчүнчү октавалык тилкелердин спектрлеринин ортосундагы убакыттын бирдей өсүшү, мында Δt = 0,5 с. | ||
Δ tR | с | Баштапкы убакыттын өсүшү. Интегралдык ыкмада колдонулган PNLT чекиттерине байланыштуу баштапкы убакыт өсүштөрүнүн ортосундагы убакыт өсүшүнүн эффективдүү узактыгы. | ||
|
|
| ||
Индекстер | ||||
I |
| Жыштык тилкесинин индекси. 50дөн 10 000 Гцге чейинки орточо геометриялык жыштыктары бар 24 үч октавалык тилкенин бирин белгилеген сандык көрсөткүч. | ||
K |
| Убакыттын өсүү индекси. Убакыттын ичиндеги үн (ызы-чуунун) өзгөрүшүндөгү жарым секунддук спектрлердин бирин белгилеген сандык көрсөткүч. Интегралдык ыкмада ар бир k маанисине байланыштуу оңдолгон убакыттын өсүшү, баштапкы шарттарга проекцияланганда, баштапкы жарым секунддук убакыттын өсүшүнөн айырмаланышы мүмкүн. | ||
kF |
| Убакыттын биринчи өсүшүнүн көрсөткүчү. PNLT өлчөнгөн дискреттүү маанилеринин убакыт катарында ызы-чуунун деңгээлинин 10 дБга төмөндөшүнүн биринчи чекитинин индекси. | ||
kFR |
| Убакыттын биринчи өсүшүнүн баштапкы көрсөткүчү. Интегралдык ыкма үчүн дискреттүү PNLT маанилеринин убакыт катарында ызы-чуунун деңгээлин 10 дБге азайтуунун биринчи чекитинин индекси. | ||
kL |
| Акыркы убакыттык өсүштүн көрсөткүчү. PNLT өлчөнгөн дискреттүү маанилеринин убакыттык катарында ызы-чуунун деңгээлин 10 дБга азайтуунун акыркы чекитинин индекси. | ||
kLR |
| Акыркы убакыттык өсүштүн баштапкы көрсөткүчү. Интегралдык ыкма үчүн PNLT дискреттүү маанилеринин убакыттык катарында ызы-чуунун деңгээлин 10 дБге азайтуунун акыркы чекитинин индекси. | ||
kM |
| PNLTM убактысынын максималдуу өсүү индекси. PNLTM убактысынын өсүү индекси. | ||
T | с | Учурдагы убакыт. Баштапкы эсептөө учурунан берки убакыт. | ||
t 1 | с | Ызы-чуунун деңгээлин 10 дБге азайтуунун биринчи чекитинин убактысы. Убакыттын үзгүлтүксүз функциясында ызы-чууну 10 дБге азайтуунун биринчи чекитинин убактысы. (kFти караңыз.) | ||
t 2 | с | Ызы-чуунун деңгээлин 10 дБге азайткан акыркы чекиттин убактысы. Убакыттын үзгүлтүксүз функциясындагы ызы-чууну 10 дБге азайткан акыркы чекиттин убактысы. (kL караңыз.) | ||
Үн (Ызы-чуу) деңгээлинин көрсөткүчтөрү | ||||
Шарттуу белги | Өлчөө бирдиги | Мааниси | ||
EPNL | EPN дБ | Кабыл алынган ызы-чуунун эффективдүү деңгээли. Учуп бара жаткан аба кемеси үчүн адамга авиациялык ызы-чуунун субъективдүү таасирин эске алган, ызы-чуунун узактыгы ичинде спектрдин бирдей эместигине (PNLT) түзөтүү киргизилген кабыл алынган ызы-чуу деңгээлинин (PNL) маанисин интеграциялоодон турган, баштапкы узактыкка нормаланган, 10 секундага барабар болгон бир маанилүү баалоо көрсөткүчү. | ||
EPNLA | EPN дБ | Учак конгондогу EPNL. Учакты кондуруу учурунда ызы-чууну өлчөөчү контролдук чекиттердеги кабыл алынган ызы-чуунун эффективдүү деңгээли. | ||
EPNLF | EPN дБ | "Учуудагы EPNL. Учактын учуудагы ызы-чуусун өлчөөчү контролдук чекиттердеги кабыл алынган ызы-чуунун эффективдүү деңгээли". | ||
EPNLF | EPN дБ | УКТ (Учуу-жерге конуу тилкеси) тилкесинин капталында EPNL. УКТ тилкесинин капталындагы учактын ызы-чуусун өлчөө чекиттериндеги кабыл алынган ызы-чуунун эффективдүү деңгээли. | ||
L AE | дБ (А) | Үн таасиринин деңгээли (SEL). Бир аба кемесинин учуусундагы ызы-чуунун деңгээли, ызы-чуунун узактыгы боюнча интеграцияланып, А шкаласы боюнча оңдолгон үн деңгээли (дБ(A), 1 секундага барабар баштапкы узактыкка нормалдаштырылган). | ||
L AS | дБ (А) | Жай реакцияны эске алуу менен А шкаласы боюнча оңдолгон үн деңгээли. Көрсөтүлгөн убакыт моментинде А жыштык шкаласы жана S убакыт шкаласы боюнча оңдолгон үн деңгээли. | ||
L ASmax | дБ (А) | Жай реакцияны эске алуу менен А шкаласы боюнча оңдолгон үн деңгээлинин эң жогорку чеги. Көрсөтүлгөн убакыт аралыгындагы LAS максималдуу мааниси. | ||
L ASmaxR | дБ (А) | Баштапкы шарттарга келтирилген, жай реакцияны эске алуу менен А шкаласы боюнча оңдолгон үн деңгээлинин баштапкы максимуму. Көрсөтүлгөн убакыт аралыгындагы LAS максималдуу мааниси. | ||
LIMIT A | EPN дБ | Конуу учурундагы чектик EPNL. Аба кемесинин ызы-чуусун өлчөөчү көзөмөл пункттарында конуу учурундагы ызы-чуунун максималдуу жол берилген деңгээли. | ||
LIMIT F | EPN дБ | Чектүү учуу EPNL. Аба кемесинин учуу ызы-чуусун өлчөөчү контролдук чекиттердеги ызы-чуунун максималдуу жол берилген деңгээли. | ||
N |
| Кабыл алынган ызы-чуу. Берилген спектрдин үчүнчү октавалык тилкесиндеги үн басымынын деңгээлинин кабыл алынган ызы-чуусу. | ||
N |
| Жалпы кабыл алынган ызы-чуу. nдин 24 мааниси боюнча эсептелген, берилген спектрдин жалпы кабыл алынган ызы-чуусу. | ||
PNL | PN дБ | Кабыл алынган ызы-чуу деңгээли. Аба кемеси учуп өтүп жатканда кең тилкелүү ызы-чуунун субъективдүү таасирин мүнөздөөчү, кабыл алууга негизделген ызы-чуунун болжолдуу көрсөткүчү. Бул эмпирикалык жол менен аныкталган ызы-чуу деңгээли, ал 1 кГц жыштыктагы үч октавалык тилкедеги кокустук ызы-чуунун үлгүсүнүн ызы-чуусуна барабар. | ||
PNLT | ТPN дБ | Тондуулукту эске алуу менен кабыл алынган ызы-чуунун деңгээли. Спектрдин бирдей эместигин эске алуу менен берилген спектрдин PNL мааниси. | ||
PNLTR | ТPN дБ | Тондуулукка оңдолгон кабыл алынган ызы-чуунун баштапкы деңгээли. Баштапкы шарттарга келтирилген PNLT мааниси. | ||
PNLTM | ТPN дБ | Тондуулукту эске алуу менен кабыл алынган ызы-чуунун максималдуу деңгээли. Убакыт катарында көрсөтүлгөн максималдуу PNLT мааниси, тилкелерге бөлүнүү B боюнча оңдолгон. | ||
PNLTMR | ТPN дБ | Тон боюнча оңдолгон кабыл алынган ызы-чуунун баштапкы максималдуу деңгээли. Жөнөкөйлөштүрүлгөн ыкмада B тилкеге бөлүүгө жана интегралдык ыкмада BR тилкеге бөлүүгө ылайыкташтырылган, көрсөтүлгөн убакыт аралыгындагы PNLTR максималдуу мааниси. | ||
SPL | дБ | Үн басымынын деңгээли. Каалаган жыштык диапазонунда каалаган убакта 20 мкПа баштапкы деңгээлине салыштырмалуу үн деңгээли. Деңгээл убакыт боюнча орточо үн басымынын квадратынын 20 мкПа баштапкы үн басымынын квадратына болгон катышынын ондук логарифминин он эселенген мааниси катары эсептелет. | ||
SPLR | дБ | Баштапкы үн басымынын деңгээли. Баштапкы шарттарга келтирилген үчүнчү октавалык тилкедеги үн басымынын деңгээлдери. | ||
SPLS | дБ | Жай реакцияга ылайыкташтырылган үн басымынын деңгээли. Үчтөн бир октавалык тилкедеги үн басымынын деңгээлдеринин S убакыт шкаласы боюнча оңдолгон мааниси. | ||
Δ1 | ТPN дБ | PNLTM оңдоосу. 2-тиркемеге же F толуктоосуна ылайык. Жөнөкөйлөтүлгөн оңдоо ыкмасында, PNLTM учурундагы сыноо шарттарында жана базалык шарттарда атмосфералык сиңирүүнүн жана ызы-чуунун таралуу жолунун узундугундагы айырмачылыктардан улам ызы-чуунун деңгээлинин өзгөрүшүн эске алуу үчүн өлчөнгөн EPNLге кошулуучу оңдоо. | ||
| дБ (А) | 4-тиркемеге ылайык. Сыноо шарттарында жана баштапкы шарттарда учактын салыштырмалуу бийиктигиндеги айырмачылыктан келип чыккан ызы-чуу деңгээлинин өзгөрүүлөрүн эске алуу үчүн, ченелген LAEге кошулууга тийиш болгон сфералык жайылуу жана узактык боюнча оңдоолор. | ||
| дБ (А) | 6-тиркемеге ылайык, салмагы 8618 кг ашпаган винттүү учактар үчүн, сыноо шарттарында жана баштапкы шарттарда учактын салыштырмалуу бийиктигиндеги айырмачылыктардан келип чыккан ызы-чуунун деңгээлиндеги өзгөрүүлөрдү эске алуу үчүн, өлчөнгөн LASmaxга кошулууга тийиш болгон оңдоо. | ||
Δ2 | ТPN дБ | Узактыкка түзөтүү. 2-тиркемеге же F кошумчасына ылайык. Жөнөкөйлөтүлгөн түзөтүү ыкмасында, сыноо учурундагы аба кемесинин ылдамдыгы менен жайгашкан жеринин жана анын баштапкы ылдамдыгы менен микрофонго салыштырмалуу баштапкы жайгашкан жеринин ортосундагы айырмачылыктардан улам ызы-чуунун узактыгынын өзгөрүшүн эске алуу үчүн өлчөнгөн EPNLге кошулуучу түзөтүү. | ||
| дБ (А) | 4-тиркемеге ылайык. Баштапкы жана оңдолгон аба ылдамдыгынын ортосундагы айырмачылыктан келип чыккан ызы-чуу деңгээлинин өзгөрүүлөрүн эске алуу үчүн өлчөнгөн LAEге кошулууга тийиш болгон оңдоолор | ||
| дБ (А) | 6-тиркемеге ылайык. Салмагы 8618 кг ашпаган винттүү учактар үчүн, сыноо шарттарында жана баштапкы шарттарда аба винтинин канатынын учунун Мах санынын айырмасынын кесепетинен пайда болгон ызы-чуу деңгээлинин өзгөрүүлөрүн эске алуу үчүн, өлчөнгөн LASmax маанисине кошулууга тийиш болгон оңдоо. | ||
Δ3 | ТPN дБ | Үн булагынын оңдолушу. 2-кошумчага ылайык. Жөнөкөйлөштүрүлгөн же интегралдык оңдоо ыкмасында, сыноо шарттарында жана баштапкы шарттарда үн чыгаруу механизмдериндеги айырмачылыктардан улам келип чыккан ызы-чуу деңгээлиндеги өзгөрүүлөрдү эске алуу үчүн өлчөнгөн EPNLге кошулууга тийиш болгон оңдоо. | ||
| дБ (А) | 6-тиркемеге ылайык. Сыноо шарттарында жана баштапкы шарттарда кыймылдаткычтын кубаттуулугундагы айырмачылыктардан келип чыккан ызы-чуунун деңгээлиндеги өзгөрүүлөрдү эске алуу үчүн, салмагы 8618 кг ашпаган винттүү учактар үчүн өлчөнгөн LASmaxка кошулууга тийиш болгон оңдоо. | ||
Δ4 | ТPN дБ | Атмосфералык сиңирүүгө карата түзөтүү. 6-кошумчага ылайык. Массасы 8618 кг ашпаган винттүү учактар үчүн атмосфералык жутулуудагы өзгөрүүлөрдөн улам келип чыккан ызы-чуунун деңгээлинин айырмачылыктарын эсепке алуу үчүн ченелген LASmax, маанисине кошула турган түзөтүү. Бул айырмачылыктар учактын сыноо шарттарындагы жана баштапкы шарттардагы салыштырмалуу бийиктигинин ортосундагы айырмадан улам келип чыгат.
| ||
ΔA(i) | дБ | Атмосфералык сиңирүүнү оңдоо. 2-тиркемеге ылайык бааланган аба кемелери үчүн, сыноо күнүндөгү атмосфералык шарттарды эске алуу менен, i үч октавалык тилкеси үчүн эсептелген атмосфералык сиңирүүнүн толук оңдоосу. | ||
ΔAr(i) | дБ | Атмосфералык сиңирүүнү баштапкы оңдоо. 2-тиркемеге ылайык бааланган аба кемелери үчүн, баштапкы атмосфералык шарттарды эске алуу менен i үчүнчү октавалык тилкеси үчүн эсептелген атмосфералык сиңирүүнү толук оңдоо. | ||
ΔB | ТPN дБ | Тилкелерге бөлүүгө түзөтүү. Бул тонду үчүнчү октавалык тилкелерге бөлүүдөн улам мүмкүн болгон басаңдатууну эске алуу үчүн максималдуу PNLTге кошулуучу түзөтүү. PNLTM максималдуу PNLT плюс ΔBге барабар. | ||
ΔBR | ТPN дБ | Тилкелерге бөлүү үчүн баштапкы оңдоо. Интегралдык методдо максималдуу PNLTRге кошулуучу оңдоо, бул тонду үчүнчү октавалык тилкелерге бөлүүдөн улам тондун басылышын эске алуу үчүн. PNLTMR максималдуу PNLTR плюс ΔBRге барабар. | ||
Δpeak | ТPN дБ | Чокунун маанисине түзөтүү. Өлчөнгөн жана баштапкы шарттарга келтирилген маалыматтардын негизинде EPNLди эсептөөдө аныкталган экинчи чокунун PNLT мааниси оңдолгон PNLTM спектринин PNLT маанисинен ашып кеткенде, өлчөнгөн EPNLге кошулуучу түзөтүү. | ||
Учуу траекториясынын геометриясы | ||||
Шарттуу белги | Өлчөө бирдиги | Мааниси | ||
H | м | Микрофондун борборундагы баштапкы жол сызыгына перпендикуляр болгон вертикалдык геометриялык тегиздикти учуу траекториясы кесип өткөн чекиттеги аба кемесинин салыштырмалуу бийиктиги. | ||
H R | м | Баштапкы салыштырмалуу бийиктик. Баштапкы учуу траекториясы микрофондун борборундагы баштапкы жол сызыгына перпендикуляр болгон вертикалдуу геометриялык тегиздикти кесип өткөн чекиттеги аба кемесинин баштапкы салыштырмалуу бийиктиги. | ||
X | м | Учактын учуу тилкесиндеги жайгашкан жери. Белгилүү бир убакыт аралыгында X огу боюнча учактын жайгашкан жеринин координатасы. | ||
Y | м | Аба кемесинин баштапкы учуу тилкесине салыштырмалуу каптал жайгашуусу. Аба кемесинин жайгашкан жеринин Y огу боюнча координаты белгилүү бир убакыт аралыгында. | ||
Z | м | Аба кемесинин баштапкы учуу тилкесине салыштырмалуу вертикалдык жайгашуусу. Аба кемесинин Z огу боюнча жайгашкан жеринин координаттары белгилүү бир убакыт аралыгында. | ||
Θ | градус | Үн чыгаруу бурчу. Учуу траекториясы менен микрофонго түз үн таралуу жолунун ортосундагы бурч. Бурч өлчөнгөн жана баштапкы учуу траекториялары үчүн бирдей. | ||
Ψ | градус | Көтөрүлүү бурчу. Үн таралуу жолу менен микрофон аркылуу өткөн горизонталдык тегиздиктин ортосундагы бурч, мында үн таралуу жолу өлчөнгөн учуу траекториясындагы үн чыгаруу чекити менен микрофондун диафрагмасынын ортосундагы сызык катары аныкталат. | ||
ψR | градус | Баштапкы көтөрүлүү бурчу. Баштапкы үн таралуу жолу менен баштапкы микрофондун жайгашкан жери аркылуу өтүүчү горизонталдык тегиздиктин ортосундагы бурч, мында баштапкы үн таралуу жолу баштапкы учуу траекториясындагы үн чыгаруу чекити менен контролдук микрофондун диафрагмасынын ортосундагы сызык катары аныкталат. | ||
Башка белгилер | ||||
Шарттуу белги | Өлчөө бирдиги | Мааниси | ||
Antilog | -- | 10 негизиндеги антилогарифм. | ||
D | м | Диаметри. Аба же көтөрүүчү винттин диаметри. | ||
D15 | м | Учуу аралыгы. Учактын жер үстүнөн 15 м бийиктикке көтөрүлүшү үчүн зарыл болгон учуу аралыгы. | ||
Е |
| Эйлер саны. Болжол менен 2,71828ге барабар болгон натуралдык логарифмдин негизин түзгөн математикалык туруктуу сан. | ||
Log | -- | 10 негизиндеги логарифм. | ||
N | об/мин | Аба винтинин айлануу ылдамдыгы. | ||
N1 | об/мин | Компрессордун айлануу саны. Газ турбиналык кыймылдаткычтын төмөн басымдагы компрессорунун биринчи баскычынын желдеткичинин айлануу ылдамдыгы. | ||
RH | % | Салыштырма нымдуулук. Айлана-чөйрөнүн салыштырма нымдуулугу. | ||
T | о С | Температура. Айлана-чөйрөнүн температурасы. | ||
U | м/с | Шамалдын ылдамдыгынын жол сызыгы боюнча компоненти. Шамалдын ылдамдык векторунун баштапкы жол сызыгы боюнча компоненти. | ||
V | м/с | Шамалдын ылдамдыгынын капталдагы компоненти. Шамалдын ылдамдыгы векторунун баштапкы жол сызыгына горизонталдуу перпендикулярдуу компоненти. | ||
Α | дБ/100 м | Сыноо учурундагы атмосфералык жутулуу коэффициенти. Ченелген айлана-чөйрөнүн температурасында жана салыштырмалуу нымдуулукта көрсөтүлгөн үчүнчү октавалык тилкеде атмосфералык үндүн жутулушунун натыйжасында үндүн басаңдоо даражасы. | ||
αR | дБ/100 м | Атмосфералык жутулуунун баштапкы коэффициенти. Айлана-чөйрөнүн баштапкы температурасында жана салыштырмалуу нымдуулукта көрсөтүлгөн үчүнчү октавалык тилкеде атмосфералык жутулуунун натыйжасында үн басаңдашынын даражасы. | ||
Μ | -- | Мотордун ызы-чуу мүнөздөмөлөрүнүн параметри. Реактивдүү учактар үчүн, адатта, ызы-чуу булагына түзөтүүнү эсептөөдө колдонулган төмөнкү басымдагы компрессордун желдеткичинин турукташтырылган айлануу ылдамдыгы, мотордун турукташтырылган тартылуу күчү же басымдын жогорулоо даражасы. | ||
2-бап. Аба кемелеринин ызы-чуу боюнча тастыктамасы
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация органы (мындан ары - Жарандык авиация органы) аба кемесин иштеп чыгуучу же өндүрүүчү мамлекет тарабынан колдонулуучу Стандарттарга жана ызы-чуу боюнча тастыктамалоонун баштапкы методикаларына ылайык берилген, Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) "Айлана-чөйрөнү коргоо, 1-том "Авиациялык ызы-чуу" деп аталган Эл аралык жарандык авиация жөнүндөгү конвенцияга карата 16-тиркемесинде камтылган аба кемесинин ызы-чуу боюнча нормаларга шайкештиги жөнүндөгү типтин тастыктамасын тааныйт.
2. Аба кемесин иштеп чыгуучу же даярдоочу мамлекет тарабынан берилген аба кемесинин ызы-чуу боюнча нормаларга шайкештиги жөнүндө типтин тастыктамасын таануу Кыргыз Республикасында Жарандык авиация органы тарабынан ызы-чуу боюнча тастыктаманы берүү менен күбөлөндүрүлөт.
3. Ызы-чуу боюнча тастыктамасы бар аба кемеси Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде да, анын чегинен тышкары да белгиленген тартипте учууга уруксат берилет.
4. Ызы-чуу боюнча тастыктама Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясында аба кемесин пайдалануунун бүткүл мөөнөтүнө берилет.
5. Ызы-чуу боюнча тастыктама аба кемесинин бортунда болушу керек.
6. Ызы-чуу боюнча тастыктамасы жок аба кемесинин учуусуна тыюу салынат.
7. Ызы-чуу боюнча тастыктамада төмөнкү маалыматтар камтылган:
1) мамлекеттин аталышы;
2) ызы-чуу боюнча документтин аталышы;
3) Документтин номери.
4) Улуттук же жалпы белги жана каттоо белгилери.
5) Аба кемесин чыгаруучу жана түрү.
6) Аба кемесинин сериялык номери.
7) Кыймылдаткычты чыгаруучу, түрү жана модели.
8) Винттүү учактар үчүн аба винтинин түрү жана модели.
9) Килограмм менен максималдуу учуу салмагы.
10) Килограмм менен максималдуу конуу салмагы.
11) Ызы-чуу боюнча аба кемесинин түрүнүн тастыктамасы.
12) Учуу-конуу тилкесинин капталындагы/толук кубаттуулуктагы ызы-чуунун деңгээли.
13) Конууга жакындаганда ызы-чуунун деңгээли.
14) Учуп өтүүдөгү ызы-чуунун деңгээли.
15) Учуудагы ызы-чуунун деңгээли.
16) 16-тиркеменин 1-томуна шилтеме менен шайкештик жөнүндө жазуу. 17) Ызы-чуу боюнча тастыктаманын берилген күнү.
18) Жарандык авиация органынын учууга жарамдуулук боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин же ал жок болгон учурда документ берген анын ордун басуучу ыйгарым укуктуу адамдын колу.
8. Ызы-чуу боюнча тастыктама формасы жана мазмуну боюнча Ызы-чуу боюнча аба кемелеринин тастыктамаларын таануу жана берүү жол-жобосунда келтирилген үлгүгө ылайык келет.
3-бөлүм. Аба кемелеринин түрлөрү
§ 1. Үн ылдамдыгынан жайыраак реактивдүү учактар: типтин тастыктамасын алууга өтүнмө 1977-жылдын 6-октябрында же андан кийин жана 2006-жылдын 1-январына чейин берилген учактар.
9. Айыл чарба же өрткө каршы күрөшүү максатында атайын иштелип чыккан жана колдонулган винттүү учактарды кошпогондо, бул главанын талаптары бардык үндөн ылдам реактивдүү учактарга, анын ичинде алардын модификацияланган варианттарына да тиешелүү, мындан тышкары учуу жарактуулугу жөнүндө күбөлүктө катталган максималдуу салмакта 610 м же андан аз узундуктагы учуу-конуу тилкесин (коопсуздук тилкеси же тоскоолдуктардан таза тилкеси жок) талап кылган учактарды кошпогондо, алардын типтик тастыктамасына арыз 1977-жылдын 6-октябрынан кийин жана 2006-жылдын 1-январына чейин берилген.
Ызы-чууну баалоо бирдиги - ЕРNдБ менен көрсөтүлгөн кабыл алынган ызы-чуунун эффективдүү деңгээли.
§ 2. Салмагы 8618 кг ашкан винттүү учактар: типтин тастыктамага арыз 1985-жылдын 1-январынан кийин же 2006-жылдын 1-январына чейин берилген.
10. Айыл чарба же өрткө каршы күрөшүү максатында атайын конструкцияланган жана колдонулган винттүү учактарды кошпогондо, ушул главанын талаптары максималдуу тастыктамаланган учуу салмагы 8618 кг ашкан бардык винттүү учактарга, анын ичинде алардын модификацияланган варианттарына, типтин тастыктамага арыз 1985-жылдын 1-январынан кийин жана 2006-жылдын 1-январына чейин берилгендерге тиешелүү.
Ызы-чууну баалоо бирдиги ЕРNдБ менен кабыл алынган ызы-чуунун эффективдүү деңгээли болуп саналат.
§ 3. 55 000 кг жана андан ашык максималдуу тастыктамаланган учуу салмагы бар добуштан ылдам реактивдүү учактар жана винттүү учактар: типтин тастыктамага арыз 2006-жылдын 1-январынан кийин жана 2017-жылдын 31-декабрына чейин берилген
11. Учууга жарамдуулук күбөлүгүндө катталган максималдуу салмакта 610 м же андан аз узундуктагы учуу-конуу тилкесин талап кылган учактарды, же айыл чарба максаттары же өрткө каршы күрөшүү үчүн атайын иштелип чыккан жана колдонулган винттүү учактарды кошпогондо, ушул главанын талаптары бардык добуштан ылдам реактивдүү учактарга жана винттүү учактарга, анын ичинде алардын модификацияланган варианттарына, тастыктамаланган максималдуу учуу салмагы 55 000 кг же андан көп болгон, типтин тастыктамага арыз 2006-жылдын 1-январынан кийин жана 2017-жылдын 31-декабрына чейин берилген учактарга тиешелүү;
Ызы-чууну баалоо бирдиги ЕРNдБдагы кабыл алынган ызы-чуунун эффективдүү деңгээли болуп саналат.
§ 4. Тастыктамаланган максималдуу учуу салмагы 55 000 кг кем болгон үндөн ылдам реактивдүү учактар: типтин тастыктамасына арыз 2006-жылдын 1-январынан кийин же 2020-жылдын 31-декабрына чейин берилген.
12. Учууга жарамдуулук күбөлүгүндө катталган максималдуу салмакта 610 м же андан аз узундуктагы учуу-конуу тилкесин талап кылган учактарды же айыл чарба максаттары же өрткө каршы күрөшүү үчүн атайын иштелип чыккан жана колдонулган винттүү учактарды кошпогондо, 16-КРАЭ маалыматтары бардык добуштан ылдам реактивдүү учактарга, анын ичинде алардын модификацияланган варианттарына, максималдуу тастыктамаланган учуу салмагы 55 000 кг кем болгон, типтүү тастыктамага арыз 2006-жылдын 1-январынан же андан кийин жана 2020-жылдын 31-декабрына чейин берилген учактарга тиешелүү;
Ызы-чууну баалоо бирдиги ЕРNдБдагы кабыл алынган ызы-чуунун эффективдүү деңгээли болуп саналат.
§ 5. Тастыктамаланган максималдуу учуу салмагы 8618 кг ашык жана 55 000 кг кем болгон винттүү учактар: типтин тастыктамасына арыз 2006-жылдын 1-январынан кийин жана 2020-жылдын 31-декабрына чейин берилген.
13. Учууга жарамдуулук күбөлүгүндө катталган максималдуу салмакта 610 м же андан аз узундуктагы учуу-конуу тилкесин талап кылган учактарды же айыл чарба максаттары үчүн атайын иштелип чыккан жана колдонулган же өрткө каршы күрөшүү үчүн колдонулган винттүү учактарды кошпогондо, АПКР 16 маалыматтары бардык винттүү учактарга, анын ичинде алардын модификацияланган варианттарына, тастыктамаланган, максималдуу учуу салмагы 8618 кг ашык жана 55 000 кг кем болгон, типтүү сертификатка арыз 2006-жылдын 1-январынан же андан кийин жана 2020-жылдын 31-декабрына чейин берилген учактарга тиешелүү;
Ызы-чууну баалоо бирдиги ЕРNдБдагы кабыл алынган ызы-чуунун эффективдүү деңгээли болуп саналат.
§ 6. 8618 кг ашык салмактагы винттүү самолеттор: типтин тастыктамасына арыз 1985-жылдын 1-январына чейин берилген
14. Ушул бөлүмдүн талаптары бардык винттүү учактарга, анын ичинде алардын модификацияланган варианттарына, тастыктамаланган , максималдуу учуу салмагы 8618 кг ашык болгон, типтин тастыктамасына арыз 1977-жылдын 6-октябрында же андан кийин жана 1985-жылдын 1-январына чейин берилгендерге тиешелүү.
15. Аталган аба кемесинин түрүн тастыктамалоо эрежелери төмөнкү өзгөчөлүктөргө колдонулбайт:
1) учууга жарамдуулук күбөлүгүндө катталган максималдуу салмакта 610 м же андан аз узундуктагы учуу-конуу тилкеси талап кылынган учактар;
2) өрткө каршы күрөшүү үчүн атайын иштелип чыккан жана колдонулган учактар;
3) айыл чарба максаттары үчүн атайын иштелип чыккан жана колдонулган учактар.
Ызы-чууну баалоо бирдиги ЕРNдБ менен кабыл алынган ызы-чуунун эффективдүү деңгээли болуп саналат.
§ 7. Салмагы 8618 кг ашпаган винттүү учактар: типтин тастыктамасына арыз 1988-жылдын 17-ноябрына чейин берилген.
16. Бул бөлүмдүн талаптары бардык винттүү учактарга тиешелүү, атайын иштелип чыккан жана жогорку пилотаж, айыл чарба максаттары же өрткө каршы күрөшүү үчүн колдонулган, тастыктамаланган, максималдуу учуу салмагы 8618 кг ашпаган учактардан тышкары, алар боюнча:
1) типтин тастыктамасына арыз 1975-жылдын 1-январынан кеч эмес жана 1988-жылдын 17-ноябрына чейин берилген, тип конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө тастыктамалык арыз 1988-жылдын 17-ноябрынан кеч берилген өзгөртүлгөн варианттарды кошпогондо;
2) учактын айрым үлгүсүнүн учууга жарамдуулугу жөнүндө күбөлүк биринчи жолу 1980-жылдын 1-январынан кеч эмес берилген.
Ызы-чууну баалоо бирдиги болуп Эл аралык электротехникалык комиссиянын (МЭК) № 1791 басылмасында аныкталган оңдолгон жалпы үн басымынын деңгээли эсептелет. Үн басымынын ар бир синусоидалдык компонентине колдонулган оңдоо жыштыктын функциясы катары "А" деп белгиленген стандарттык баштапкы ийри сызык түрүндө көрсөтүлөт.
§ 8. Тик – учактар
17. Ушул параграфтын талаптары бардык тик учактарга тиешелүү, айыл чарба максаттары, өрткө каршы күрөшүү же тышкы асма жүктөрдү ташуу үчүн атайын иштелип чыккан жана колдонулган тик учактардан тышкары.
18. Типтин тастыктамасына арыз 1985-жылдын 1-январынан кийин берилген тик учак үчүн.
19. Тип конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө тастыктамалоо арызы 1988-жылдын 17-ноябрынан кийин берилген тик учактын өзгөртүлгөн варианты үчүн.
20. Типтин тастыктамасына арыз 2002-жылдын 21-мартында же андан кийин берилген бардык тик учактар үчүн, анын ичинде алардын модификацияланган варианттары үчүн.
21. Тышкы асмага же тышкы жабдууга жүк ташууга жөндөмдүү тик учактарды тастыктамалоо мындай жүктөрсүз же орнотулган атайын жабдууларсыз жүргүзүлөт.
Эскертүү: Бортто жүк ташуу стандарттарына жооп берген тик учактар үчүн, эгерде мындай учуулар толук салмактын жана бортто жүк менен учууга жарамдуулук тастыктамалоосунан өткөн маанилерден ашкан башка эксплуатациялык параметрдин маанилеринде аткарылса, тышкы асмада же тышкы жабдууларды ташууда өзгөчөлүк болушу мүмкүн.
Ызы-чууну баалоо бирдиги ЕРNдБдагы кабыл алынган ызы-чуунун эффективдүү деңгээли болуп саналат.
§ 9. Салмагы 8618 кг ашпаган винттүү учактар: типтеги тастыктамага же өзгөртүлгөн вариантты тастыктамалоого арыз 1988-жылдын 17-ноябрында же андан кийин берилген.
22. Ушул бөлүмдүн талаптары тастыктамаланган максималдуу учуу салмагы 8618 кг ашпаган бардык винттүү учактарга тиешелүү, бирок атайын жогорку пилотаж, айыл чарба иштери же өрткө каршы күрөшүү үчүн иштелип чыккан жана колдонулган учактар, ошондой эле мотопланерлер буга кирбейт.
Ызы-чууну баалоо бирдиги болуп А шкаласы боюнча оңдолгон максималдуу ызы-чуу деңгээли, LАSmах эсептелет.
§ 10. Тастыктамаланган, максималдуу учуу салмагы 3175 кг ашпаган тик учактар.
23. Ушул бөлүмдүн талаптары тастыктамаланган, максималдуу учуу салмагы 3175 кг ашпаган бардык тик учактарга тиешелүү, айыл чарба максаттары, өрткө каршы күрөшүү же тышкы асма жүктөрдү ташуу үчүн атайын иштелип чыккан жана колдонулган учактарды кошпогондо.
Ызы-чууну баалоо бирдиги болуп А шкаласы боюнча оңдолгон максималдуу ызы-чуу деңгээли, LАSmах эсептелет.
§ 11. Бурулуучу көтөрүүчү винттери бар аба кемелери
24. Ушул главанын талаптары тип тастыктамасына арыз 2018-жылдын 1-январынан кеч эмес берилген бардык бурулма көтөрүүчү винттүү аба кемелерине, анын ичинде алардын модификацияларына карата колдонулат.
25. Тышкы асмага жүк ташууга жөндөмдүү бурулма көтөрүүчү винттүү аба кемелерин же тышкы жабдууларды тастыктамалоо мындай жүктөрсүз же орнотулган атайын жабдууларсыз жүргүзүлөт.
Ызы-чууну баалоо бирдиги EPNдБдагы кабыл алынган ызы-чуунун эффективдүү деңгээли болуп саналат. Спектрдин бирдей эместигине түзөтүү 50 Гц тилкесинен баштап колдонула баштайт.
26. Аба кемелеринин типтеринин бул тизмеси акыркы эмес жана толукталышы мүмкүн.
27. Кыргыз Республикасында ИКАОнун 16-тиркемесинин 1-томунун Стандарттарынын жоболоруна ылайык келерин далилдөө талап кылынбайт.
§ 12. Үн ылдамдыгынан төмөн учуучу реактивдүү аба кемелери (учактар) жана винттүү аба кемелери (учактар)
28. Үн ылдамдыгынан төмөн учуучу реактивдүү учактар жана винттүү учактар төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
1) Тастыктамаланган, максималдуу учуу салмагы 55 000 кг жана андан жогору болгон үн ылдамдыгынан төмөн учуучу реактивдүү учактар жана винттүү учактар – типтин тастыктамасына арыз 2017-жылдын 31-декабрынан кечиктирилбестен берилген;
2) Тастыктамаланган, максималдуу учуу салмагы 55 000 кг кем болгон үн ылдамдыгынан төмөн учуучу реактивдүү учактар: типтин тастыктамасына арыз 2020-жылдын 31-декабрынан кечиктирилбестен берилген;
3) Тастыктамаланган, максималдуу учуу салмагы 8618 кг ашык жана 55 000 кг кем болгон винттүү учактар: типтин тастыктамасына арыз 2020-жылдын 31-декабрынан кечиктирилбестен берилген.
29. Учууга жарамдуулук күбөлүгүндө катталган максималдуу салмакта 610 м же андан аз узундуктагы учуу-конуу тилкесин талап кылган учактарды же айыл чарба максаттары же өрткө каршы күрөшүү үчүн атайын иштелип чыккан жана колдонулган винттүү учактарды кошпогондо, ушул главанын Талаптары колдонулат:
1) 2017-жылдын 31-декабрынан кечиктирилбестен типтин тастыктамага арыз берилген, тастыктамаланган, максималдуу учуу салмагы 55 000 кг же андан ашкан бардык үн ылдамдыгынан жайыраак реактивдүү учактарга жана винттүү учактарга, анын ичинде алардын модификацияланган варианттарына карата;
2) 2020-жылдын 31-декабрынан кечиктирилбестен типтик сертификатка арыз берилген, тастыктамаланган максималдуу учуу салмагы 55 000 кг кем болгон бардык үн ылдамдыгынан жайыраак реактивдүү учактарга, анын ичинде алардын модификацияланган варианттарына карата;
3) 2020-жылдын 31-декабрынан кечиктирилбестен типтин тастыктамасына арыз берилген, тастыктамаланган, максималдуу учуу салмагы 8618 кг ашык жана 55 000 кг кем болгон бардык винттүү учактарга, анын ичинде алардын модификацияланган варианттарына карата.
30. Макулдашуучу мамлекет өзүнүн реестринде катталган реактивдүү учактар жана тастыктамаланган, максималдуу учуу салмагы 8618 кг ашкан винттүү учактар үчүн Төмөнкү учурларда 16-тиркеменин I томунун стандарттарынын жоболоруна ылайык келүү талап кылынбайт деп тааный алат:
1) бүткүл учуунун ичинде чыгарылган бир же бир нече тартылуучу шасси менен учуу;
2) учактын сырткы капталында запастык кыймылдаткычты жана моторгондоланы ташуу (жана мамычаны же башка сырткы бекитүүчү түйүндү кайтаруу);
3) типтүү конструкциянын өзгөрүшү учакты 90 күндөн ашык мөөнөткө иштетүүгө мүмкүн эместигин караган учурда, кыймылдаткычтын жана/же моторгондоланын чектелген мөөнөткө өзгөрүшү, эгерде типтүү конструкциянын мындай өзгөрүшүнө карата 16-тиркеменин I томунун колдонуудагы жоболоруна ылайык келүү көрсөтүлбөсө. Бул талап кылынган техникалык тейлөө иштерин аткаруудан келип чыккан өзгөрүүлөргө гана тиешелүү.
1-тиркеме
Ызы-чуу боюнча аба кемесинин тастыктамасынын бланкынын формасы
Учактын ызы-чуу боюнча тастыктамасы
AIRCRAFT NOISE CERTIFICATE
4. Улуттук жана каттоо белгилери / Nationally and registration marks
| 5. Өндүрүүчү жана аба кемесинин белгилениши өндүрүүчү тарабынан / Manufacturer and manufacturer’s designation of aircraft.
| 6. Аба кемесинин сериялык номери / Aircraft serial number
| ||||||||
7. Мотордун өндүрүүчүсү, түрү жана модели / Engine manufacturer, type and model.
| 8. Көтөргүч винттин тиби жана модели / Propeller type and model for propeller-driven aeroplanes.
| |||||||||
9. Эң жогорку учуу салмагы кг. менен / Maximum take-off mass in kg.
| 10Максималдуу кондуруу салмагы кг. менен / Maximum landing mass, in kg.
| 11. Ызы-чуу боюнча сертификация стандарты / Noise certification Standart
| ||||||||
12. Колдонуудагы ызы-чуу боюнча сертификация стандарттарына ылайык келтирүү максатында киргизилген кошумча өзгөртүүлөр / Additional modifications incorporated for the purpose of compliance with the applicable noise certification Standards
| ||||||||||
13Учуу-конуу тилкесинин жанындагы ызы-чуунун деңгээли / Lateral full-power noise level
EPN/dB | 14. Конуу учурунда ызы-чуунун деңгээли / Approach noise level
EPN/dB | 15. Үстүнөн учуу ызы-чуусунун деңгээли / Flyover noise level
EPN/dB | 16. Үстүнөн учуу ызы-чуусунун деңгээли / Over flight noise level
EPN/dB | 17. Учуу учурундагы ызы-чуунун деңгээли / Take-off noise level
EPN/dB | ||||||
Ызы-чуу боюнча АК тибинин сертификаты / Aircraft Noise Type Certificate |
| |||||||||
18. Ушуну менен бул аба кемесинин 1944-жылдын 7-декабрындагы Эл аралык жарандык авиация жөнүндөгү Чикаго конвенциясынын 16-тиркемесинин 1-томунун 3-главасынын талаптарына ылайык келээри тастыкталат, эгерде аба кемесинин иштеши анын эксплуатациялык документтеринде камтылган талаптарга жана чектөөлөргө ылайык жүргүзүлсө. This is to certify that the above aircraft complies with the requirements specified in Chapter 3, Volume 1 of the Annex 16 to Chicago Convention of International Civil Aviation dated December 7 1944 provided that its operation shall be performed in accordance with requirements and limitations specified in the aircraft operational documents | ||||||||||
19. Берилген күнү:/ Date of issue:
| Аты / Name: Кызмат оруну / Position: Кол тамга / Signature: М.П. / Stamp | |||||||||