Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 11-августундагы № 13-21-10 буйругуна 1- тиркеме КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АВИАЦИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ-16 «Айлана-чөйрөнү коргоо» 2-том. Авиациялык кыймылдаткычтардын эмиссиясы Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду каттоо баракчасы
Эскертүү: Бул нускага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген датасы жана бул нускага түзөтүү киргизген адамдын колу ушул Эрежелердин ээсине тиешелүү. 1-бап. Аныктамалар жана шарттуу белгилер §1. Аныктамалар Басымды жогорулатуу базалык даражасы — бул кыймылдаткыч деңиз деңгээлиндеги Эл аралык стандарттык атмосферанын (МСА) стратегиялык шарттарында номиналдык учуп чыгуу тартуу күчүн иштеп чыккан режимде, компрессордун акыркы баскычынын чыгуу тегиздигиндеги толук басымдын орточо чоңдугунун компрессордун биринчи баскычынын кирүү тегиздигиндеги толук басымдын орточо чоңдугуна болгон катышы. Чыгаруу соплосу — газ турбиналуу кыймылдаткычтардын газдарынын эмиссиясынан үлгү алууда, эгерде реактивдүү агымдар аралашпаса (мисалы, кээ бир турбовентилятордук кыймылдаткычтарда болгондой), анда газ генераторунан гана келген газ агымы өтүүчү сопло (негизги контур) сопло катары кабыл алынат. Ал эми реактивдүү агымдар аралашкан учурларда, жалпы чыгаруу соплосу негизги сопло катары эсептелет. Иштеп чыккан мамлекет — Конструкция тиби үчүн жооптуу уюмга карата юрисдикциясы бар мамлекет. Даярдалган күнү - бул конкреттүү аба кемесинин же кыймылдаткычтын ушул түргө коюлган талаптарга жооп берерин тастыктаган документтин чыгарылган күнү же ушуга окшош документтин чыгарылган күнү. Түтүн - Жарыктын өтүшүнө тоскоол болгон, газдардан чыккан көмүртектүү заттар. Учуучу эмес катуу бөлүкчөлөр (уэКБ) – газ турбиналык кыймылдаткычтын чыгаруучу соплосунун чыгуу тегиздигинде болгон жана 350 °C температурага чейин ысытканда бууланбаган бөлүкчөлөр. Күйбөгөй калган углеводороддор – газ үлгүсүндө камтылган бардык класстардагы жана молекулярдык салмактагы углеводороддук бирикмелердин жалпы саны, алар үлгүдө метан түрүндө бар деген шарттуу божомол менен эсептелген. Азот кычкылдары – газ үлгүсүндө камтылган азот кычкылы менен азоттун эки кычкылынын жалпы көлөмү, азот кычкылы азоттун эки кычкылы түрүндө болот деген божомолдун негизинде эсептелет. |