Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетине караштуу
Жарандык авиация мамлекеттик
агенттигинин 2026-жылдын 11-августундагы № 13-21-10
буйругуна 1- тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АВИАЦИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ-16
«Айлана-чөйрөнү коргоо»
3-том. СО2 эмиссиясы
1-бап. Аныктамалар, шарттуу белгилер
§ 1. Аныктамалар
Иштеп чыгуучу мамлекет - Конструкция тиби үчүн жооптуу уюмга карата юрисдикциясы бар мамлекет.
Үн ылдамдыгынан төмөн учуучу учак – Мах саны 1ден ашкан ылдамдыкта туруктуу горизонталдык учууну аткара албаган учак.
Учуу экипажынын кабина аймагы (зонасы) - бул кабинанын учуу экипажы гана колдонуу үчүн арналган бөлүгү.
Баштапкы геометриялык коэффициент - бул учактын фюзеляжынын эки өлчөмдүү проекциясын колдонуу менен фюзеляждын өлчөмүн өлчөөгө негизделген оңдоо коэффициенти.
Конструкция тиби - учуу жарамдуулугун аныктоо максатында аба кемесинин, кыймылдаткычтын же аба винтинин тибин аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтардын жана маалыматтын жыйындысы.
Максималдуу учуу салмагы - типтүү конструкциянын конфигурациясы үчүн учуу салмагынын бардык маанилеринин эң жогоркусу.
Максималдуу жүргүнчү сыйымдуулугу - учактын түрү үчүн максималдуу тастыктамаланган жүргүнчүлөрдүн саны.
Мүнөздөмөлөрдү эсептөө модели – учуу сыноолорунун такталган маалыматтарына негизделип ырасталган аналитикалык каражат же ыкма, ал стандарттык шарттарда СО2 эмиссиясынын баалоо көрсөткүчүн эсептөө максатында SAR маанилерин аныктоо үчүн колдонулушу мүмкүн.
CO2 боюнча тастыктамаланбаган учактын модификацияланган варианты - колдонулуп жаткан типтин тастыктамасына жооп берген, бирок ИКАОнун 16-тиркемесинин III томуна ылайык тастыктамаланбаган, учактын учууга жарамдуулугу жөнүндө биринчи тастыктама берилгенге чейин типтин конструкциясына CO2 эмиссиясынын болжолдуу маанисин 1,5% дан ашык жогорулаткан өзгөртүү киргизилген же CO2 үчүн олуттуу өзгөрүү деп эсептелген жеке учак.
СО2 эмиссиясы боюнча тастыктамаланган учактын модификацияланган варианты - типтин конструкциясына өзгөртүү киргизилген учак, ал анын максималдуу учуу салмагын же СО2 эмиссиясынын болжолдуу көрсөткүчүн төмөнкүдөн ашыкча көбөйтөт: