Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-сентябрындагы № 609 токтомуна) Дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен борборлоштурулган камсыз кылуунун бирдиктүү мамлекеттик санариптик платформасы жөнүндө 1-глава. Жалпы жоболор 1. Ушул Жобо Дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен борборлоштурулган камсыз кылуунун бирдиктүү мамлекеттик санариптик платформасынын максаттарын, милдеттерин, функционалдык модулдарын, оператордун жана колдонуучулардын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле жеткиликтүүлүктү берүү тартибин жана иштөө тартибин аныктайт. 2. Дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен борборлоштурулган камсыз кылуунун бирдиктүү мамлекеттик санариптик платформасы (мындан ары – Платформа) kyrgyzpharm.med.kg дареги боюнча жайгаштырылган жана дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен борборлоштурулган камсыз кылуу процесстерин автоматташтыруу, анын ичинде саламаттык сактоо уюмдарынын өтүнмөлөрүн санариптик түрдө түзүү жана эсепке алуу, сатып алууларды жүргүзүү, берүүлөрдү контролдоо, кампалык эсепке алуу, ошондой эле товарлардын калдыктарын, жарактуулук мөөнөттөрүн жана кыймылын мониторингдөө үчүн арналган мамлекеттик маалыматтык системадан турат. 3. Ушул Жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат: 1) Платформа – саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен борборлоштурулган камсыз кылуу процесстерин автоматташтыруу, өтүнмөлөрдү түзүү жана иштеп чыгуу, реестрлерди жүргүзүү, керектөөлөрдү жана калдыктарды мониторингдөө жана талдоо, ошондой эле дары менен камсыздоо системасынын катышуучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу үчүн арналган Дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен борборлоштурулган камсыз кылуунун бирдиктүү мамлекеттик санариптик платформасы; 2) Платформанын ээси – дары менен камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты аныктаган жана Платформанын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары – Саламаттык сактоо министрлиги); 3) Платформанын оператору – Платформаны администрациялоону, иштешин техникалык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы (мындан ары – «Кыргызфармация» МИ); 4) Платформанын колдонуучусу – Платформада белгиленген тартипте катталган саламаттык сактоо жана (же) дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жак же жеке ишкер, анын ичинде: - Саламаттык сактоо министрлиги; - саламаттык сактоо уюмдары (мамлекеттик, муниципалдык жана жеке); - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары – ММК фонду); - «Кыргызфармация» МИ; - дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды берүүчүлөр (дистрибьюторлор, өндүрүүчүлөр жана дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды берүүнү жүзөгө ашыруучу башка жактар); - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дары менен камсыз кылуу процессине катышкан башка юридикалык жактар; |