Загрузка документа…
Тиркеме
Товарларга байкоо жүргүзүү системасын колдонуу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү системасынын алкагында «Электрондук эсеп-фактура 2.0» модулун (мындан ары – ЭЭФ 2.0 модулу) колдонуу эрежелерин жөнгө салат жана ЭЭФ 2.0 модулун колдонууда санариптик өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын (мындан ары – санариптик документ жүгүртүүнүн катышуучулары) ортосунда документ жүгүртүүнүн жол-жоболорун белгилейт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) «Электрондук эсеп-фактура 2.0» модулу – ыйгарым укуктуу салык органынын ЕАЭБдин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү системасынын компоненти, ал аркылуу субъект тарабынан электрондук эсеп-фактура 2.0 түзүлөт жана колдонулат;
2) электрондук эсеп-фактура 2.0 (мындан ары – ЭЭФ 2.0) – ЕАЭБдин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү системасынын алкагында байкоого алынууга тийиш болгон товарлардын кыймылын эсепке алууга арналган ЭЭФ 2.0 модулунун санариптик документи. ЭЭФ 2.0 салык милдеттенмелеринин келип чыгышы, өзгөрүшү же токтотулушу үчүн негиз болуп саналбайт;
3) салык төлөөчү – ЕАЭБдин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү системасын колдонуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген жагдайлар болгон учурда ЭЭФ 2.0 тариздөө милдети жүктөлгөн субъект;
4) эсеп-фактуранын номери – ЭЭФ 2.0 модулунда түзүлүүчү ЭЭФ 2.0 уникалдуу генерацияланган номери;
5) товарларды эсепке алуу кампасы – ЭЭФ 2.0 колдонууга милдеттүү болгон субъекттин товарларын, өндүрүштүк, соода, кампа, курулуш жана башка объекттерин (мындан ары – экономикалык иштин объекттери) эсепке алууну жүргүзүү үчүн арналган, ЭЭФ 2.0 модулунун компоненти.
Ушул Тартипте товарларды эсепке алууну жүргүзүү деп субъект тарабынан ЭЭФ 2.0 модулунда товарлардын түшүшүнө, кыймылына, өзгөрүшүнө жана чыгарылышына байланыштуу операцияларды милдеттүү түрдө чагылдыруу, ошондой эле товарларды эсепке алуу кампасында мындай товарлардын калдыктарын түзүү жана эсепке алуу процесси түшүнүлөт;
6) товарлардын каталогу – «Товарлардын каталогу» модулу аркылуу түзүлгөн товарлардын бирдиктүү иреттелген тизмеги;
7) санариптик документ жүгүртүү – ЭЭФ 2.0 модулунда ЭЭФ 2.0 түзүү, жиберүү, алуу, иштеп чыгуу, сактоо жана эсепке алуу процесси;
8) санариптик кол тамга – санариптик формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) логикалык жактан ага байланышкан жана санариптик документтин өзгөрбөстүгүн камсыз кылуу жана санариптик документтин авторун аныктоо үчүн колдонулган санариптик формадагы маалымат;
9) санариптик кол тамганы текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаты (квалификацияланган сертификат) – аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борбор же аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борбордун ишенимдүү адамы же болбосо түпкү күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүзөгө ашыруучу тармактык жөнгө салуучу тарабынан берилген санариптик кол тамганы текшерүү ачкычынын сертификаты.
3. Ушул Тартипте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар ушул Тартипте аныкталган мааниде чечмеленет. Ушул Тартиптеги терминдердин жана аныктамалардын чечмелениши болбогон учурда, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында жана (же) ЕАЭБ укугунда аныкталган мааниде чечмеленет.