Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 615 токтомуна) |
Кайра иштетилген продуктуларды кийин кайра ташып киргизүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн чийки затты ташып чыгаруу
методикасы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул методика Кыргыз Республикасына кайра иштетилген продуктуларды кийин кайра ташып киргизүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн меште жагылуучу отунду, нафтаны жана мазутту (мындан ары – чийки зат) Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруу тартибин, ошондой эле ташып чыгарылган чийки затты, кайра иштетилген продуктуларды жана технологиялык жоготууларды эсепке алуу тартибин аныктайт.
2. Ушул методиканын максаттары кайра иштетилген продуктулар деп чийки затты кайра иштетүү жөнүндө келишимдин, кайра иштетүүчү ишкананын техникалык корутундусунун жана кайра иштетүүнүн технологиялык схемасынын негизинде энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты менен тизмеги жана тиешелүү ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору аныкталган ташып чыгарылган чийки затты кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган мунайзат продуктулары түшүнүлөт.
3. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн чийки заттары ташып чыгаруу төмөнкүлөр болгондо жүзөгө ашырылат:
– чет өлкөлүк кайра иштетүүчү ишкана менен түзүлгөн чийки затты кайра иштетүү жөнүндө келишим;
– Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык таризделген товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү шарттары жөнүндө документ;
– энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаттары;
– кайра иштетилген продуктуларды белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасына кийин кайра ташып киргизүү жөнүндө милдеттенмелер.
4. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн ташып чыгарылган чийки заттын көлөмү кайра иштетүү жөнүндө келишимдин шарттарына, кайра иштетүүчү ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугуна, кайра иштетилген продуктулардын чыгуу ченемдерине, ошондой эле жол берилген технологиялык жоготууларга жараша аныкталат.
5. Кайра иштетилген продуктулар Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасына милдеттүү түрдө кайра ташып киргизилүүгө тийиш.
6. Уруксатта көрсөтүлгөн кайра иштетилген продуктулар Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарынын жана аймагында кайра иштетүү жүзөгө ашырылган мамлекеттин мыйзамдарынын талаптарын сактоо шартында Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары сакталышы мүмкүн.
7. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында чийки затты ташып чыгарууга уруксаттарды берүү тартиби, зарыл болгон документтердин тизмеги, ташып чыгарылган чийки затты жана кайра иштетилген продуктуларды эсепке алуу, кайра иштетилген продуктулардын чыгуу ченемдерин аныктоо, технологиялык жоготууларды, таштандыларды жана калдыктарды эсепке алуу тартиби, ошондой эле отчетторду берүү тартиби энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
2-глава. Ташып чыгаруу тартиби
8. Чийки затты ташып чыгарууга уруксат алуу үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине ушул Методиканын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча арызды, ошондой эле төмөнкүлөрдү берет:
– бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында чийки затты кайра иштетүү үчүн ташып чыгарууга арыз;
– чет өлкөлүк кайра иштетүүчү ишкана менен чийки затты кайра иштетүү жөнүндө келишим;
– товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү шарттары жөнүндө документ;
– чет өлкөлүк кайра иштетүүчү ишкана, анын өндүрүштүк кубаттуулуктары жана кайра иштетүү жүзөгө ашырылган жер жөнүндө маалыматтар;
– чийки заттын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтар;
– кайра иштетилген продуктуларды болжолдонгон чыгарылышын эсептөө;
– бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырууга тийиш болгон кайра иштетилген продуктулардын тизмеги;
– жол берилген технологиялык жоготууларды эсептөө;
– кайра иштетилген продуктуларды Кыргыз Республикасына кийин кайра ташып киргизүү жөнүндө милдеттенме;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка документтер.
9. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги берилген документтерди карап чыгат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн чийки затты ташып чыгарууга уруксат Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан ушул Методиканын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн чийки затты ташып чыгарууга уруксатта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
– арыз ээси жөнүндө маалыматтар;
– чет өлкөлүк кайра иштетүүчү ишкана тууралуу маалыматтар;
– ташып чыгарылуучу чийки заттын көлөмү жана сапаттык мүнөздөмөлөрү;
– уруксаттын жарактуулук мөөнөтү;
– кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу жер;