Редакцияот 19.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезекcиз ХXIII сессиясы

 

2026-жылдын 19-августу № 166

 Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык, төрага К.Шакировдун сунушун угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна айылдык кеңешинин депутаты Мергенов Каламбек Бурканович дайындалсын.
  1. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага                                             К.Шакиров