Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 18-августу № 01-06/31
“Үч-Коргон” Муниципалдык ишканасынын калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча көрсөтүлүп келе жаткан кызматтардын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешинин финанс жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен областтык башкармалыгынын № 56 буйругуна ылайык, "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып", Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Үч-Коргон” Муниципалдык ишканасынын калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча көрсөтүлүп келе жаткан кызматтардын тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финанс жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: Б.Бердибеков
Үч-Коргон айыл кенешинин 2026 –жылдын 18-август
№01-06/31 токтомуна
тиркеме
№ | Кызматтар | Калкка (сом) | Коммерциялык мекемелер үчүн (сом) | Бюджеттик мекемелерге (сом) |
1. | Кудук ичиндеги ветильди алмаштыруу | 200 | 500 | 300 |
2. | Кудуктан сырттагы крайниктерди алмаштыруу | 200 | 500 | 300 |
3. | Суу эсептегичин алмаштыруу | 200 | 500 | 300 |
4. | Башка сантехникалык кызматтар | 200 | 500 | 300 |
5. | Монтаждоо жана суу тармагына улануу | 800 | 2500 | 1500 |
6. | Эксковатордун айыл өкмөтү үчүн кызмат тарифи |
|
| 1500 |
Катчы: Д.Ахунова