УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги XX сессиясы
2026-жылдын 18-августу № 01-06/32
Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2025-жыл 20-январындагы №3/3 Үч-Коргон айыл өкөмтүнүн жеке менчик турак-жай, жер маселелери, турак-жай фонду жана муниципалдык менчиктеги жерлерди башкаруу боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндөгү токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин 32-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобого жана айылдык кеңешинин “Агрардык жана айыл чарба” боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 7-августундагы отурумунун протоколуна таянып, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин 32-беренеси, ошондой эле “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
- Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жеке менчик турак-жай, жер маселелери, турак жай фонду жана муниципалдык менчиктеги жерлерди башкаруу боюнча төмөнкүдөй комиссия курамы бекитилсин.
Төрага: И.Худайбердиев орун басар.
Катчы: А.Юнусалиев жер адиси.
Мүчөлөрү: Ф.Джалалов депутат
Р.Каримов депутат
Б.Абдурахманов депутат
Б.Исаков жер адиси
А.Рахматуллаев ФЭБ башчы
М.Муминжанов салык бөлүмү
Бардык айылдардагы айылдардын башчылары.
- Комиссия курамына айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу жагы тапшырылсын.
- Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Агрардык жана айыл чарба” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.